Жапаровдун тарапташтарынын сотунда эки башка көрсөтмө бергендиги үчүн сот күбөгө эскертүү берди

Бүгүн, 24-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун 12 тарапташынын соттук иши уланды. Отурумдун башында соттолуучулардын жактоочусу Замир Балбаков милиция кызматкери Элес Талантбек уулунун тосмо арызын сотко тапшырды. Андан соң соттук ишке тиешелүү күбөлөр сурала баштады. Күбө катарында Биринчи Май РИИБинин жетекчисинин орун басары Айбек Озубеков көрсөтмө берди.

"25-мартта Горький паркында митинг болуп жатыптыр деген маалымат боюнча 20 кызматкер менен бардым. Ал жерде 300дөй адам чогулуптур. Түштөн кийин эл УКМКны көздөй жөнөп баштаганда, алардын өкүлү Нооманжан Аркабаевге элдин бул аракети мыйзамсыз экендигин эскерттик. Алар болбой эле Эркиндик-Жибек Жолун көздөй жөнөштү. УКМКнын дарбазасынын алдында чогулгандар "Жапаровго боштондук!" деп кыйкырып турушту. Кийинчерээк чогулган тараптын айрымдары темир тосмолорго асылып, милициянын колунан жулуп тарткылап башташты. Мен ошол маалда азыр соттолуп жаткан Кожогелдиевди, Исаевди көргөм. Кожогелдиевди автобустун айнегин талкалап жатканын байкадым. Элтерес уулу деген милиция кызматкерин кимдир бирөө жыгач менен башка чаап кетти. Аны чапкан адамды тааный албай калдым", - деди Озубеков.

Айыпталуучулардын жактоочусу Шарабидин Токтосунов сот Марат Сыдыковдон күбөнүн тергөөдө берген көрсөтмөсүн окуп берүүсүн өтүндү. Ал көрсөтмөсүндө автобустун айнегин ким талкалаганын, желим бөтөлкөлөрдү милиция тарапка ким ыргытканын көрбөгөнүн жазган. Күбө Озубеков айткандарын видеодон далилдей турганын айтты.

Кийинки күбө Султанбек Субаналиев Бишкек ШИИББинин 10-башкармалыгынын башчысынын орун басары төмөнкүдөй көрсөтмө берди:

"Ошол күнү Сабыр Жапаровду, Чыңгыз Кожогелдиевди УКМКнын алдындагы митингден көрдүм. 25-мартта мэриядан бизге "Садыр Жапаровду тосуп алуу" митинги болот экен деген билдирүү келди. Биздин башкармалыктан 10-12 чакты кызматкерлери жарандык кийимчен барышкан. Айыпталуучулар тууралуу айтсам сакалчан байкени (Кожогелдиев) автобустун сынган айнегинен башын чыгарып "ээ, качпагыла!" деп кыйкырып жатканын көрдүм. Автобустун айнегин талкалаганын көргөн жокмун. Сабыр Жапаров бир милиция кызматкерин колунан кармап, буту көтөрүлүп турганын көрдүм. Көтөрүлгөн буту менен тепкен, теппегенин көргөн жокмун. Жанында менден башка кызматкерлер болгондуктан жардамга барган жокмун".

Жактоочу Акин Токталиев күбөгө "эмне үчүн ошол тепки жегенин сиз көрүп калган кызматкер арызданбайт?" деген суроо узатса, күбө Субаналиев суроого жооп берүүдөн баш тартарын айтты.

Соттук отурумдун төрагасы Марат Сыдыков:

"Күбө сиз сот алдына келгенде берилген суроолордун баарына жооп бериңиз. Сиздин тергөөдө берген көрсөтмөңүз менен бүгүнкү сөзүңүз дал келбей жатат. Ошондуктан так, туура жооп бериңиз. Сиздин көрсөтмөңүздөгү "Жапаровдун милицияны тепкенин көргөм" дегениңиз үчүн ал тордун ичинде отурат. Өзүңүз 10-башкармалыктын башчысынын орун басары болсоңуз, туура жооп бериңиз. Болбосо жалган көрсөтмө бергениңиз үчүн ИИМге билдирүү жөнөтөм", - деп эскертүү берди сот.

Сабыр Жапаров күбөгө суроо узатты: "Айтсаңыз, мен милициянын колунан тарткан учур кайсы маалда болгон, түшкө чейинби же түштөн кийинби?"

"Эсимде жок, түштөн кийин элдер чуркап кача баштаган маал болсо керек", - деп жооп берди.

Күбөнүн тергөөдөгү көрсөтмөсү менен сотко берген көрсөтмөсүндө дал келбестиктер болгондуктан мурдагы көрсөтмөсүн окуп берди. Анын көрсөтмөсүндө "Сабыр Жапаровду милициялар кууп жетип кармап, башкалар менен бирге автобуска салды" деп жазылган. Жактоочулар Сабыр Жапаровду милициялар кармабагандыгын, ал Биринчи Май РИИБине өзү баргандыгын сотко айтышты. Сот күбөлөр эки башка көрсөтмө берсе, жоопкерчиликке тартылары мыйзамда каралгандыгын белгилеп, Субаналиевдин көрсөтмөлөрүнө юридикалык баа берилерин белгиледи.

Чыңгыз Керимкулов Бишкек ШИИББинин 10-башкармалыгынын бөлүм башчысы да көрсөтмө берди: "Митинг күнү Айдинбек Шамшидин уулун көргөм. Мен ал күнү ошол баланын үстүнөн иштегем. "Эгерде радикалдуу кадамдарга барбасак Жапаровду Текебаевге окшотуп камап салат" деп жатты. Мунун баары оперативдүү тасмага тартылган. Көп тартып жаткандыктан тасманы ким тартып калганын билбейм".
Соттолуучу Шамшидин уулу "мени ошол күнү сиз сабагансыз кармоо маалында" десе, Керимкулов "мен ошол сабады деп жазган арызың боюнча прокуратурага жана башка тиешелүү тараптардын сурагына жооп берип чыктым. Менин сабаганымды ошолор далилдесин" деген жооп кайтарды ал.
Түштөнүү убактысы болуп калгандыктан сот отурум токтотулду. Кийинки сот 28-июлда саат 10:00дө улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан