Бүгүн, 2-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун 200гө чукул тарапташтары сот имаратынын алдына чогулушту. Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, соттун короосунун сыртынан да курчоого алып эч кимди киргизбей жатат.
Саат 14:00гө камактагы саясатчылар Жапаров менен Текебаевдин соттук иши белгиленген. Айыпталуучулардын тарапташтарынын бир бөлүгү соттук отурумдарга кирип кетишти. Садыр Жапаровго карата бүгүн сот өкүмү чыгары күтүлүүдө.