Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 2-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Өкүмгө ылайык, Жапаров "адамды өлтүрүүнү уюштуруу", "бийлик өкүлдөрүнө каршылык жасоону уюштуруу" жана "бейбаштык" беренелери боюнча толук акталды, ал эми "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.
Сот жараяны судья Эмил Каиповдун төрагалыгынын астында өткөн. Мамлекеттик айыптоочу Садыр Жапаровду 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.
Айта кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.