Бир жыл мурун: Садыр Жапаров Кыргыз жерине кайтып келе жаткан жеринен кармалган. Ал 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду бир жыл мурун чет мамлекеттен Кыргыз жерине кайтып келе жаткан жеринен УКМК кызматкерлери кармап кеткен.

Жапаров Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталган. УКМКнын маалыматы боюнча, 2013-жылдын 7-октябрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаган, Ысык-Көл облусунун ошол кездеги жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алган. 7-октябрдагы митингдин максаты - Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгону күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө жана кылмыш ишинин алкагында белгилүү болгону айтылган.

Ошол эле күнү, 25-мартта Садыр Жапаровду күтүп жаткан анын тарапташтары Максим Горький атындагы скверде митингге чогулуп жаткан. Алар Садыр Жапаровду кармап кеткенин угуп, УКМКнын имаратын көздөй жөнөшкөн. Кыргыз-Казак чек арасында саясатчыны күтүп турган тарапташтары дагы УКМКнын алдына келишкен. Акцияга чыккандар Жапаровду бошотууну талап кылышкан.

Митингдин катышуучулары менен милиция тирешип, бир нече адам камалган. Алардын арасында Жапаровдун баласы дагы болгон.

Интернетке Жапаровдун уулунун сабалганы боюнча видео тарап кеткен. Анда Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун үстүнөн арыз жазбаганын айтып, анын баласынын сабалышын сындаган. Ошол күнү түн ичинде милиция кызматкерлери тарабынан катуу сабалган деп айтылган Жапаровдун уулу Ренат Жапаров ооруканага жеткирилген.

Кармалган жарандардын 12сине кылмыш иши козголуп, айрымдары 2 суткадан 5 суткага чейин камалып, кээ бирлерине айып пул салынган.

Аталган райондук сот Садыр Жапаровду Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камоо чечимин чыгарган.

2017-жылдын 2-апрелинде Садыр Жапаровдун абалы оор экени тууралуу маалымат чыккан. Андан соң Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаров өз колун жана моюнун кескени тууралуу билдирген. Ошол күнү эртең менен ал СИЗО-1ден №47-колониянын ооруканасына жеткирилген. Жапаровдун жакындары бул маалыматка ишенбей Жапаров 5 маал намаз окуй турганын эскертишип, ал өзүн-өзү өлтүрө турган адам эместигин айтышкан. Ал эми Жапаров үй-бүлөсү, туугандары жана жакындары үчүн кабатыр болуп, өзүнө кол салганын анын атынан жазылган катында жарыяланган. Бирок анын тарапташтары Жапаровдун өзүнө кол салганына ишенбеген боюнча калышкан.

Ошентип 2-августта Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, Жапаров "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Учурда Садыр Жапаров Молдовановкадагы №1-абакка отурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан