Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалгандардын иши боюнча кийинки соттук отурумда тараптар жарыш сөзгө чыгары күтүлүүдө

Бүгүн, 7-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган 12 адамдын иши боюнча кезектеги соттук отурум уланды. Отурумдун жүрүшүндө сотко келбей калган айрым милиция кызматкерлеринин тергөө маалында берген көрсөтмөлөрү жана милиция кызматкерлери тарабынан сабалгандарга карата соттук-медициналык экспертизанын корутундулары окулду.

Материалдарды иликтөөлөрдөн кийин эки тарап 2017-жылдын 25-мартында Бишкектин Горький эс алуу багында жана УКМК имаратынын алдындагы митингдерде тартылган видеолорду көрүүгө өтүштү.

Жактоочу Шарабидин Токтосунов: "Видеонун эч бир жеринде айыпталуучулардын мыйзам бузганы көрүнгөн жок. Көк түстүү баш кийим кийген бала таяк менен милицияны уруп качып кетти. Кийинки тартылган видеолордо милиция элди кармап жатканда алар менен чогуу жүрөт. Демек, митингчилердин арасында чагымчыл күчтөр болгон. Видеолордон да митингчилерди милиция күч колдонуп кармашканы көрүнүп турат. Айыпталуучулардын учурда өздүгү такталган туруктуу жашоочу жайлары бар.

Ошондуктан соттолуучулар Сабыр Жапаров, Рустам Жапаров, Калыбек Жапаров, Улан Усупов, Жаңыбай Жеңишбеков, Эркланбек Тагаев, Чыңгызхан Кожогелдиев, Байгазы Казыев, Айдынбек Шамшидин уулу, Абдыманап Бегишев жана Адылбек Исаевге карата бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүп, камактан бошотууңузду суранам", - деди.

Ал эми 12-айыпталуучу Анарбек Бейшебеков азыркы тапта үй камагында.

Мамлекеттик айыптоочу өтүнүчкө каршылыгын билдирди. Кеңешме бөлмөсүнөн чыккан сот ал өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды. Кийинки соттук отурум 14-августка белгиленди. Анда тараптар жарыш сөзгө чыгары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nazaralikarakulja
2017-08-07 23:51:05
Боштондук патриот Мекенчил жигиттерге
0
jbolotov
2017-08-08 00:25:55
Кыргыз учун деп чыккан саясатчыны 11_жылга камаш манкуртчулукго,эгер Жогорку Сотда ушундай чечим чыгарса анда эл бир толкуса СДПК башын таппай калатко ансызда баары тажап бутту булардан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан