Бүгүн, 5-июнда Жогорку Сотто абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун иши каралып жатат. Анда жактоочулардын бири Бакыт Асамудинов прокурор Алишер Рустамбаев кыргызча түшүнбөгөндөн улам аны башка прокурорго алмаштырууну өтүндү.
Ал эми прокурор Рустамбаев: "Мен кыргызча түшүнөм, жакында эле мамлекеттик тилден экзамен тапшыргам. Нарында иштеп келгенмин, кыргызча түшүнөм", - деп өзүнө карата айткан сынды четке какты.
Соттук коллегия прокурорду алмаштыруу боюнча жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.