29-августта Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровго чыккан өкүм боюнча апелляциялык арызды карайт. Бул туурасында SUPER.KG'ге анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
"Биринчи Май райондук сотунан Жапаровго карата чыккан өкүмгө нааразы болуп, 11-августта шаардык сотко апелляциялык даттануу жазган элек. Ошол эле күнү сотко жабырлануучу катары катышып жаткан Эмилбек Каптагаев да Жапаровду актоону өтүнгөн арызын шаардык сотко тапшырган. Эртең саат 10:00дө Каптагаевдин жана биздин жазган даттанууларыбызды Бишкек шаардык соту карайт", - деди Токтосунов.
Эске салсак, Садыр Жапаров ушул жылдын 2-августунда 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.