Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровго карата чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арызды карады.
Соттук отурумдун жүрүшүндө Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров күбө катары суралды.
"2013-жылы 7-октябрда мен Түп районунда ата-энемдин үйүндө болгом. Иним Садыр Жапаров дагы бир инибиздин бөйрөгүн алмаштыруу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен. Инимдин митинг уюштурууга тиешеси жок. Мында Садыр Жапаровду сындырыш үчүн ушундай аракеттерди көрүшүүдө", - деп билдирди Сабыр Жапаров.
Андан соң Садыр Жапаровдун бир тууган иниси Орозобек Жапаров күбө катары суралды.
"Мен Жолдош Кожобеков аттуу адамды сыртынан тааныйм. Бирок мамилем жок. 2013-жылы 7-октябрдагы митинг болгондо мен Бишкекте болгом. Кайрат Качаганов аттуу адамды көргөн эмесмин, тааныбайм. Митингди уюштурууда эч кимге акча берген эмесмин", - деп билдирди Орозобек Жапаров.
Күбөлөр суралып бүткөндүгүнө байланыштуу соттук отурум бүгүн түштөн кийин саат 14:00гө жылдырылды.