Бүгүн, 17-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун соттук иши уланууда. Жактоочулар күбө катары мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин көрсөтмөсүн угуу тууралуу өтүнүч келтирди.
"Саруудагы окуялардан соң бир топ адамдар камакка алынган. Алардын арасынан Наристе Калчаев абак жайында кыйноого алынып, сабалгандыгы боюнча акыйкатчы катары маалымат чогулткан экен. Сөзсүз түрдө балдардын сабалышын айтып берсин", - деди Шарабидин Токтосунов.
Бакыт Аманбаев күбө катарында көрсөтмө берип жатып, Жапаров менен тууганчылык байланышы жок экенин айтты.
Жактоочу Токтосуновдун "сиз "Кумтөргө" байланыштуу камакка алынгандар боюнча эмне билесиз?" деген суроосуна ал:
"2013-жылы 8-9-октябрларда кечке маал камалган балдардын ата-энелери иш бөлмөмө кирип келип, жардам сурашкан. Мен абак жайына барганда балдардын сабалгандыгы аныкталды. Сиздерге жалган, мага чын, балдардын денелеринен, жадакалса тамандарынан да көк ала белгилер байкалган. Мунун баарын видео, аудиого алып тиешелүү документтерин толтуруп, Башкы прокуратурага бергем. Бирок, тилекке каршы, ошол кездеги Башкы прокурор Аида Салянова "эч кандай кылмыш белгилери жок" деп иликтөө жүргүзүүдөн баш тарткан", - деди Бакыт Аманбаев.
Ошондой эле мурунку акыйкатчы камалган жарандар эмне себептен сабалганын айтышканын кошумчалады:
"Калчаев мага "артыңарда ким турат, Жапаров турабы" деп сабалганын айткан".
Сотко төрагалык кылуучу Эмилбек Каипов күбөлөр келбей жаткандыгына байланыштуу Садыр Жапаровдун өзүнө суракты баштай берүү сунушун айтты. Бирок буга Жапаровдун жактоочулары каршы экендигин айтып, айыпталуучу сотко ишти шашылбай, калыс териштирип чыгууну сунуштады.
"Өткөн отурумдарда 3 күбө келип, үчөө тең ар башка көрсөтмө беришти. Айткандары бири-бириникине дал келбейт. Ошондуктан Жолдош Кожогелдиевди таап алып келгиле, мага коюлган айыптар боюнча көрсөтмөсүн берсин. Шашылбагыла, мындай кетишиңерде мени 100 пайызга соттойсуңар, буга ишенем. Бардык күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн уккандан кийин гана соттогула. Үлгүрөсүңөр баарына", - деди Жапаров.
Мамлекеттик айыптоочу Догдурбеков күбөлөрдүн көрсөтмөсүн окуп эле ишти уланта берүү сунушун айтты. Сот күбөлөрдү чакыртуу өтүнүчүн четке кагып, Садыр Жапаровдон иш боюнча көрсөтмө аларда, жактоочулар сот Эмилбек Каиповго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Төрага өзүнө келтирилген ишенбөөчүлүк өтүнүчүн чечим чыгаруу бөлмөсүнө барып келип, жактоочулардын ишенбөөчүлүк өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.