Садыр Жапаровдун тарапташтарына чыгарылган Биринчи Май райондук соттун өкүмүнө нааразы болгон жактоочулар апелляциялык арыз менен жогорку инстанциядагы сотко кайрылат. Бул тууралуу жактоочу Шарабидин Токтосунов SUPER.KG порталына билдирди.
"Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровдун тарапташтарына мыйзамсыз өкүм чыгарды деп эсептейбиз. Бирок ошол эле учурда мыйзамдуу жактарын да айта кетишибиз керек. Сабыр Жапаровго карата өкүмдү акыйкат чыгарды. Калган балдарга мыйзамсыз өкүм чыгарылды. Эми бизде дагы 10 күндүк мөөнөтүбүз бар. Ал үчүн соттолуучулар менен макулдашып туруп жогорку инстанциядагы сотко апелляциялык арыз менен кайрылабыз", - деп билдирди Токтосунов.
Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаровдун тарапташтарына чечим чыгарылып, алды 8 жылга эркинен ажыратылган.