Учурда камакта отурган мурдагы депутат Садыр Жапаровдун эки тарапташы абактан бошотулду. Мындай чечим Аламүдүн райондук соту тарабынан бүгүн, 21-ноябрда кабыл алынганын SUPER.KG'ге жактоочу Шарабидин Токтосунов кабарлады.
Анын айтымында, 4 жылдан эркинен ажыратылган Эркланбек Тагаев менен Манап Бегишев жаза мөөнөтүнүн жарымынан көбүн өтөп, эч кандай тартип бузбаганы үчүн шарттуу түрдө эркиндикке чыгышты.
Жактоочу Токтосунов жакын арада Садыр Жапаровдун Калыбек Жапаров деген дагы бир тарапташы бошотула турганын кошумчалады.
"Бул үчөө тең Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 4 жылдан кесилишкен эле. Алардын абакта отурган мөөнөтү 2 жыл бир ай болуп, эч кандай тартип бузууга барышпагандыктан Эркланбек Тагаев менен Манап Бегишев бүгүн мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышты. Жакын арада Калыбек Жапаров дагы чыгып калат. Алар жазасын өтөгөн Молдовановка айылындагы №27-колонияда Жапаровдун Чыңгызхан Кожогелдиев деген дагы бир тарапташы жазасын өтөп жатат. Ал 8 жылга эркинен ажыратылгандыктан азырынча чыгарылбайт", - деди Токтосунов.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында УКМКнын алдындагы Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалган. Алардын 12сине "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Биринчи Май райондук соту ошол эле жылдын 5-сентябрында жетөөнү 1 жылдан шарттуу, үчөөнү 4 жылдан, бирөөнү 8 жылга кескен. Ал эми алар менен кошо кармалып отурган Сабыр Жапаров сот залынан бошотулган.