Садыр Жапаровдун тарапташтарынын жактоочусу райондук соттун өкүмүнө болгон апелляциялык даттануусун артка кайтарып алды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун тарапташтарынын жактоочусу Шарабидин Токтосунов Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө карата жазылган апелляциялык даттануусун артка кайтарып алды. Бул тууралуу маалыматты жактоочу SUPER.KG порталына тастыктады.

Анын айтымында, иштин материалдарына толуктоолор киргизилип, кайра шаардык сотко апелляциялык даттануу келтирилет.

Айта кетсек, 5-сентябрь күнү Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровдун тарапташтарына карата өкүм чыгарган. Ага ылайык, Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров сот залынан бошотулуп, ал эми башка соттолуучулардан Эркланбек Тагаев 4 жылга, Калыбек Жапаров 4 жылга, Абдыманап Бегишов 4 жылга жана Чыңгызхан Кожогелдиев 8 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми калгандары Адылбек Исаев, Рустам Жапаров, Жаңыбай Жеңишбеков, Шамшидин уулу Айдынбек, Байгазы Казиев, Улан Усупов, Анарбек Бейшебеков 1 жылга шарттуу кесилишкен. Аталган жарандар эгерде коомдук тартипти бузуп же башка кылмыштарды жасашса, сот чыгарган 4 жылга жаза абагына кесүү чечими автоматтык түрдө күчүнө кирмекчи.

Эскерте кетсек, 25-мартта УКМКнын алдындагы Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары кармалгандардын 12сине "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан