Укук коргоочу: "Жапаровдун тарапташтарынын митингинде милиция кызматкерлери өздөрү чагымчылык уюштуруп, кийин элди кармады"

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингинде кармалган 12 адамдын соту өттү. Соттук отурумда 1 милиция кызматкери жана 2 укук коргоочу, юрист көрсөтмө берди. Бишкек ШИИББинин чөнтөк уурулугуна каршы бөлүмүнүн ыкчам кызматкери окуя боюнча көргөн-билгенин айтып, айыпталуучуларды тааныбасын билдирди.

Ал эми көз карандысыз укук коргоочу Бактыбек Нурдинов ошол күнкү окуяда милиция кызматкерлери өздөрү чагымчылык кылышканын айтты.

"25-марттагы Жапаровдун тарапташтарынын митингине 30-40тай спорттук дене түзүлүштөгү балдар келип, темир тосмолорду тарткылап, милиция кызматкерлерине каршы аракеттерди жүргүзө башташты. Алар бүгүн темир тордо отурган айыпталуучулардын арасында жок. Алар кара түстөгү футболка кийишкен, чачтары кыска алынган, аскер адамдарына окшош болчу. Беш-алтыдан биригип келип, элдин арасына кошулуп кетишти. Менин байкашымча, ал балдар Жапаровдун тарапташтарына окшошкон жок. Милиция менен элдин ортосуна чагымчылыкты ошолор уюштурду. Тарсылдаган үндөр чыгып милиция элди кармап баштаганда, мен айткан шектүү балдарды эч ким кармаган жок", - деди укук коргоочу.

Кийинки күбө Келдибек Аскаралиев да ушундай маңыздагы көрсөтмө берди:

"Садыр Жапаровдун өлкөгө келе турганын социалдык түйүндөрдөн уккам. Менин кесибим юрист, укук коргоочу болгондуктан митингдер боюнча мониторинг жүргүзүп жатам. 25-мартта митингди жанынан көрүү үчүн баргам. Горькийдин эстелигинин жанындагы чогулган элди бир маалда милициянын полковниги "мен шаардык милициянын коомдук коопсуздукту сактоо бөлүмүнүн башчысымын" деп, УКМКны көздөй жолдун чети менен ээрчитип кетти. Милициянын бул чакырыгына таң калып, жанымдагы шеригим Нурдинов экөөбүз элдин артынан бастык. Ал жактан кийинчерээк элдин арасына беш-алтыдан спорттук дене түзүлүштөгү топтошкон балдар келип кошулду. Алар жарандык кийимчен милиция кызматкерлери экенин билдим", - деди ал.

Кийинки күбөнү сот буга чейинки отурумдарда залда угуучу катары отургандыгын айтып, күбөлүктөн өткөрүүдөн баш тартып, кийинки отурум 24-июлда саат 10:00дө уланарын жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан