Садыр Жапаровдун сотунда күбө: "Мага Каптагаевди барымтага алгыла, милицияларды коркуткула деген тапшырма берилген эмес"

Бүгүн, 14-июлда Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун ишин караган соттук отурум өттү. Отурумга сот Эмил Каипов төрагалык кылды.

Соттун жүрүшүндө күбө катары абакта жаткан Кенжебек Жумабаев алынып келинди. Ал Ысык-Көл облусунун башчысы Эмил Каптагаевди 2013-жылдын октябрь айындагы митингде барымтага алуу, бийлик өкүлүнө кол салуу боюнча айыпталып, 8 жылга соттолгон.

"Мен Жапаровду тааныйм. Мамилем жакшы. 2013-жылы Саруудагы митингге журналисттик-операторлук ишим боюнча баргам. Тополоңдо Каптагаевди белгисиз себептерден барымтага алышты. Митингге чейин Каптагаевди барымтага алуу планы болгон эмес", - деди күбө Жумабаев.

Ошол эле учурда күбө Жумабаевдин "Каптагаевди барымтага алуу планы болгон" деп жазылган көрсөтмөсүн сот окуп берди.

Отурумдун жүрүшүндө Садыр Жапаров Жумабаевдин колу да, датасы да жок түшүнүк каты жазылганын сотко айтты. Жумабаев датасы жок көрсөтмө өзүнүкү экендигин, берген көрсөтмөлөрүн колдоорун айтты.

"Мен Сабыр Жапаровдон 100 миң сом алгам. Мындан сырткары 5 миң сом бензинге алгам. 100 миң сом эмне максатта экенин билген эмесмин. Аны Жолдош Кожогелдиев деген адамга бергем. Мен кетирген катам үчүн кыл дегенди кылып абакта жатам. Мага Жапаров Каптагаевди барымтага алгыла, милицияларды коркуткула деп тапшырма берген эмес", - деди күбө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан