Бүгүн, 28-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы депутат Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Учурда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Ал эми сот имаратынын алдында Жапаровдун тарапташтары чогулушту. Алар экс-депутаттын акталышын талап кылышууда. Азыркы тапта чогулгандардын саны 100гө чукул. Милиция кызматкерлери коомдук тартипке көзөмөл кылып жатышат.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган.