Жактоочу: "Жапаровду колун, моюнун өзү кести дешти, бул акылга сыйбаган нерсе. Аны өлтүрүү аракеттери болгон деген ой келет"
"Садыр Жапаровду өзүнүн колун өзү кести дешти, бул акылга сыйбаган нерсе", - деп бүгүн, 5-июнда Жогорку Сотто абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун соттук ишинде Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов айтты.
Анын айтымында, Саруу окуясы боюнча 200дөн ашык адам көрсөтмө берген. Бирок алардын бири да Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берген эмес.
"Алар Саруу окуясында саясатчынын эч кандай тиешеси жок, өзүбүз уюштурганбыз деп көрсөтмө беришкен. Кенжебек Жумабаев да бул ишке Садыр Жапаровдун эч кандай тиешеси жок деп келет. Тергөөчү бул ишке Садыр Жапаровдун тиешеси барбы десе, ал жок деп көрсөтмө берген. Алар Жумабаевди чакырып "Жапаровго каршы көрсөтмө берсең, биз сени Жогорку Соттон бошотобуз", - деп көрсөтмө алууга аракет кылышкан. Каршы көрсөтмө бербей койгонуна байланыштуу Жумабаевди СИЗОдо камерада кыйнашкан. Мындан улам ден соолугу үчүн Жумабаев Жапаровго карата көрсөтмө бергенге аргасыз болгон", - деди Токтосунов.
Ошондой эле ал Жапаровду көзөмөл-өткөрүү бекетинен кармап кетүү да, УКМКда кармоо да мыйзамсыз болгонун белгиледи.
"СИЗОдо Садыр Жапаровдун эки колу жана моюну кесилип, 47-абакка которулду. Мен саат 07:00дө барып, саат 11ге чейин кире албай турдум. Ага чейин УКМКдан келгендер кирди. Мен киргенде эсине келе албай жатып: "Ата-энем жакшыбы, балдарым жакшыбы?" деп ар биринин атын атап сурады. "Чындап эле алар жакшыбы? Алар аман эле болсо, мен баарына макулмун", - деди. Ал өзүнүн колун, моюнун өзү кести дешти, бул акылга сыйбаган нерсе, ал сол колун кесип, андан кийин оң колун, моюнун кантип кесет? Бул тарыхта болбогон нерсе. Өзү кескен эмес, аны өлтүрүү аракеттери болгон деген ой келет", - деди Токтосунов соттук отурумда.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
Айта кетсек, өткөн жылдын 4-апрель күнү SUPER.KG порталынын окурманы Садыр Жапаровдун колу жана моюну кесилип, кийимдери кан болуп жаткан абалдагы сүрөтүн жөнөткөн.
Кийин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын байкоо кеңешинин мүчөсү Чолпон Өмүрканова Бишкектеги №47-колонияда дарыланып жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдон кабар алганын айтып берген.
Анда ал Садыр Жапаров ага эртең мененки саат 4 менен 5тин аралыгында дааратканага кирип, бычак менен сол колунун чыканагынын бүгүлгөн жерин жана моюнунун сол жагын кескенин айтып бергенин билдирген.
"Жапаров №47-колонияда эсине келген. Бул жерде анын кесилген жерлери тигилип, ал тамчылатма дары алууда. Мындан тышкары андан психотерапевт кабар алды. Учурда Жапаровдун абалы канааттандырарлык. Ал суицид аркылуу маселени чечүү туура эмес экенине макул болду. Ал үй-бүлөсү, туугандары жана жакындары үчүн кабатыр болууда. Жапаров дарылангандан кийин аны УКМКнын СИЗОсуна жаткырууга бийликти чакырат элем", - деген Өмүрканова.