Бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаров акыркы сөзүн айтты.
"Бүгүнкү иш саясий буюртма экени көзү азиз, кулагы дүлөй адамдарга да маалым болду. Буга чейинки суралган күбөлөр 2013-жылы Саруудагы митингди мен уюштурбаганымды айтышты. Ал митингди саруулук лидер балдар уюштурганы толук далилденди. Ошол учурда "Кумтөрдү" көтөрүп чыккан лидерлерди камоо боюнча уюшулган иш экени аныкталды. Соттор күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн бурмалап жазып жатат. Азыр бийликти мактап турсаң кызматка жетесиң. Ал эми мага окшоп чындыкты айтсаң минтип камаласың. Мен Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенде Каркыра, "Кумтөр", "Мегаком" маселелерин көтөрүп чындыкты айтып келдим. Кайсы бир жылы "Кумтөрдө" чоң талкалануу болот. Мында миллиондогон адамдар таза суусуз калат. Бул көзү ачыктык эмес, бул чындык. Менин соттолушум тарыхый иш. Эми адилеттүү чечим чыгарасыңар деп ойлойм", - деп билдирди Садыр Жапаров.
Сот кеңешме бөлмөгө чыгып кетти.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.