Садыр Жапаровдун жактоочусу күбөлөрдү кайрадан суракка чакыруу өтүнүчүн келтирди

Бүгүн, 29-августта Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровго карата чыккан өкүм боюнча апелляциялык арызды кароодо. Соттук отурумдун башталышында, жактоочу Шарабидин Токтосунов төрагалык кылуучу Жаңыл Мамбеталыга соттук коллегиянын мүчөсү Керезбек Есекеевди курамдан чыгаруу өтүнүчүн айтты.

"Есекеев Жапаровдун буга чейинки соттук иштерине катышкан. Биз ал сотко ишенбейбиз. Мыйзамда эгерде тараптар соттун курамына ишенбөөчүлүк көрсөтсө, ал сот башка сот менен алмаштырылат деп турат", - деди Токтосунов.

Төрагалык кылуучу ал өтүнүчтү четке какты. Ал эми Жапаровдун жактоочусу "Урматтуу төрагалык кылуучу, сиз кайсы кодекске таянып, өтүнүчтү четке кагып жатасыз?" деп сурады. Сот Мамбеталы "мурдагы эски кодексте сиз жүйө кылып көрсөткөн мыйзамдар каралган болчу. Азыркы жаңы кодексте андай жок" деп жооп берди. Ушул маалда жактоочу менен соттун ортосунда талаш жаралды.

"Мына менин колумда Жаза процессуалдык кодекси турат. 2017-жылдын июль айында чыккан. Сиздер да эптеп эле чампалап ишти бүтүрүүгө аракет жасап жатасыздар. Ошондуктан соттун катчылары, прокурор Калыбековага жана сиз төрагалык кылган курамга ишенбөөчүлүк көрсөтөм", - деди Токтосунов.

Төрага соттук курамга ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз жок экенин айтып өтүнүчтү четке какты.

Андан соң жактоочу сотко мурдагы күбөлөрдү чакырып кайрадан суроо өтүнүчүн келтирди.

"Мажиков деген жаран №47-колонияда жатат азыр. Ал 2013-жылы берген өз көрсөтмөсүндө "Каптагаевди барымтага алуу менин идеям болгон" деп айткан. Мага карата чыккан өкүмдө Каптагаевди барымтага алууга катышкан деп айыптап коюшту. Мына бул залда Эмилбек Саламатович өзү да отурат. Өкүмгө каршы экендигин көрсөтүп апелляциялык даттануу да жазган. Жабырлануучу өзү менин күнөөм жок экенин айтып жаткандан кийин мага карата чыккан өкүм туура эмес. Аны саясий буйрук деп айтам", - деди Жапаров.

Сот Жаңыл Мамбеталы күбөлөрдүн тизмесин тактап жазып тапшыруусун айтты. Жапаров жактоочусу менен кеңешип, ишке тиешеси бар адамдар Жыргал Мажиков, Кубат Токсобаев, Айбек Сарыбаев, Кайрат Качаганов, Улан Чибутов, Каныбек Мадеминов, Наристе Калчаев, Бакыт жана Сейит Куланбаевдерди чакырууну өтүнүштү. Соттук курам ордунан чечим кабыл алып, өтүнүчтү жарым жартылай канааттандырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Begmat1992
2017-08-29 12:37:28
Акталып кетсин эми
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан