Бүгүн, 13-июнда саат 15:00дө Жогорку Сотто мурдагы депутат Садыр Жапаровдун соттук иши уланат. Анда 2 жактоочу сөз сүйлөмөкчү. Андан соң сот чечими чыгарылышы мүмкүн.
Буга чейинки отурумда 4 жактоочу көрсөтмө берип, Жапаров күнөөсүз экенин айтышкан.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.