Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров каза болду

Бүгүн, 20-сентябрда Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров дүйнө салды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева билдирди.

"Биз атабыздын небереси Рустам Жапаров эркиндикке чыкканда абалы жакшырат го деп абдан үмүттөнгөнбүз. Бирок андай болгон жок. Атабызды жоготуп алдык", - деди Айгүл Асанбаева.

Буга чейин Садыр Жапаровго карата сот өкүмү чыккандан кийин анын атасынын абалы оорлошуп, ооруканадан чыгарылгандыгы айтылган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нургожо Жапаровдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Fidel
2017-09-20 11:02:18
Жайы жанатта болсун, жакындарына сабр кайгыларын тен болушуп терен кайгыруу менен конул айтам!
+4
nazira...
2017-09-20 11:04:06
Ата-энелерге эле кыйын болуп атат да, нариман Тулеевдин атасы да ушинтип кайтыш болду эле. Кайтаар дунуйо экенин бийликтегилер оюна да албай жатышат. Садыр Жапаровко сабыр берсин эми, эсинен кетпейт да эми атасынын олуму.
+7
SHERBOLAT
2017-09-20 11:10:55
Жаткан жери жайлуу болсун. Азыркы бийликти Алла оз жазасын берсин
+5
adimyrza
2017-09-20 11:20:28
Жаткан жери жайлу болсун Аллахым бейишинен бересин Садыр ага кайрат кылыныз атанын каргышына калды бийлик
+8
chyrok
2017-09-20 11:21:14
Жаткан жери жайлуу болсун.Балдарына тууган уругуна кайрат берсин.
+3
chyrok
2017-09-20 11:26:51
Атанын бир арманы ичинде кетти да баласынын акталган коруп дуйно салганда...
+5
bermet104
2017-09-20 11:32:53
Кайдагы бир саясий оюн, бир адамдын кызыкчылыгы үчүн бейкүнөө адам камалып, анын күйүтүнөн атасы каза болуп атат. Кантип тынч уктайт ушундан кийин? Абийир деген кайда?
+7
gulzat85
2017-09-20 11:34:39
Жаткан жери жайлуу болсун.окунучтуу
+3
Abdyrashit.Satylganov
2017-09-20 11:36:14
Жаткан жериңиз бейиштен болсун!!! "Жараткан жалаага сөзсүз жазасын берет" - деген сөздөрдү, жараткан жалганга чыгарбай, эки дүйнө тең жазасын берерине ишенем!Албетте кимдин ким экенин бир гана Аллах билет! Кыргызстан мындай абалда турганда бир нерсе деп айтууга деле батына албайсың. Себеби "Шерхандын шердиги, токойдун мыйзамы" - сыяктуу, суудан калкып чыкпай же сууга чөгүп кетпей, "шайлоо эртерээк өтсө экен" - деген үмүт менен жашап калдык.(Туугандарына көңүл айтам)
+3
Moscow000
2017-09-20 11:36:26
Аллах бейишинен орун берген болсун ылайым
+1
KIPCHAK-KALMAK
2017-09-20 11:53:43
Аллах оз мээримине ал жаткан жери жайлуу болсуен бейишинден насип ет жакындарына сабыр бер амииин! Жапаровту камагандарга без комент Аллах билуучу коруучу жон койбойт
+2
tatynam_88
2017-09-20 12:02:40
Байкуш балам деп кетти да кайран ата.ошентип бул бийлик бир кишинин тубуно жетти.ыраазы болуп кетпеген атанын арбагы кантет...кудайым бейишинен орун берсин.балам деп эч бир ата-эне боздоп коксобосун.каргышы ойдо жактагыларды уктатпайт ко.адамдык сапатын жоготту бул бийлик.
+6
mir777
2017-09-20 12:12:04
фашисттер!
Садыр байкеге сабыр тилейли...
+2
Azamatxxxttt
2017-09-20 12:48:06
Жайы жайлуу, топурагы торколуу болсун. Туугандарына Аллахым сабыр берсин. Аябай окунучтуу
+3
Mambetali
2017-09-20 14:25:10
Жайы Жаннаттан болсун...
Садыр Жапаровдой намыстуу Кырыгыздын уулун тарбиялаган атага Бейиш насип этсин...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан