Бүгүн, 29-майда Жогорку Сотто абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кароо башталды. Жогорку Соттун имаратынын жанында Жапаровдун жакындары аны колдоп митинг өткөрүшүүдө. Жалпысынан 100дөн ашуун адам чогулду. Алардын катарында экс-депутат Камчыбек Ташиев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев, мушкер Алмазбек Раимкулов бар.
Соттук коллегия толук курамда болбогондугунан сот отуруму 5-июнга жылдырылды.
Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Анын адвокаты Шарабидин Токтосунов бул өкүмгө нааразы болуп, Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.