Жогорку Сотто Эмилбек Каптагаев сотторду Садыр Жапаровду актоого чакырды. Учурда соттор чечим чыгаруу бөлмөсүнө кирип кетишти

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Сотто мурдагы депутат Садыр Жапаровдун соттук ишин кароо уланууда.

Анын жактоочусу Номанжан Аркабаев: "Садыр Жапаров күнөөлүү болсо кайра мамлекетке кайтып келет беле? Учурда айыбы бар ондогон адамдар сыртта келе албай жүрөт. Жабырлануучу Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин айтып тили тешилди. Садыр Жапаровду абакта өлтүрүүгө аракет болгонун сиздер да, коомчулук да түшүнгөн. Мен Садыр Жапаровго кан керек болсо берели деп барганда бизге уруксат бербей коюшкан. Буга чейинки соттук отурумдарда УКМКнын тергөөчүлөрү "байке бизде эмне күнөө, баары жогору жактан болуп жатпайбы" деп айтышкан", - деди Аркабаев.
Аркабаев буга чейинки соттордун чечимин жокко чыгарып Садыр Жапаровду актоого чакырды.

Эмилбек Каптагаев: "Садыр Жапаровго жактоочу болоюн деген оюм жок, бирок мен үчүн бейкүнөө адам камалуусун калабайм. Мындай жүктү көтөрүп жүрүүдөн корком. Силерди да бейкүнөө адамдын жүгүн көтөрүүдөн баш тартууга жана Жапаровду актоого чакырам", - деди Каптагаев.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу буга чейинки соттордун өкүмүн күчүндө калтырууну суранды.

Учурда соттор чечим чыгаруу бөлмөсүнө кирип кетишти.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан