Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Талант Мамытов камакта отурган Садыр Жапаровду атасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берүүсүн сурады.
"Бир нече чакырылыштын лидери, фракция лидери болгон Садыр Жапаровдун атасы каза болду. Ошого байланыштуу президенттин жана өкмөттүн өкүлүнө кайрылып кетет элем. Сот процесстери экинчи инстанцияда бүткөн. Эми кыргызда айтат "баладан атага жок дегенде топурак буюрсун" деп. Ошондуктан ЖАМКга протоколдук тапшырма берип коюуңуздарды суранам. Анткени бул саясаттан тышкары. Садыр Жапаров ошол жерге барып атасына топурак салуусуна мүмкүнчүлүк берүүңүздөрдү суранам", - деди Мамытов.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров кечээ, 20-сентябрда 84 жашында дүйнө салган. Маркум 22-сентябрда саат 11:00дө туулуп-өскөн жери - Түп районунун Кеӊ-Суу айылында жерге берилет.