Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда судья Эмилбек Каиповдун төрагалыгы астында өтүп жаткан Садыр Жапаровдун соту белгисиз мөөнөткө калтырылды.
Бул туурасында SUPER.KG’ге камактагы саясатчы Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
“Биринчи Май райондук сотунда өткөн соттук жыйында судья Эмилбек Каипов Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүбүздү канааттандырган эмес. Буга байланыштуу шаардык сотко бөгөт коюу чарасына байланыштуу даттануу келтирдик. Кийинки соттук иш качан уланары белгисиз”, - деди Токтосунов.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.