Бүгүн шаардык сот Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын карайт

Бүгүн, 4-апрелде саат 10:00дө Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын узартуу боюнча райондук соттун чечимин карамакчы. Анын тарапташтары соттун алдында митинг өткөрүүнү пландашууда.

Эскерте кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМК кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 2-апрелде ал колу жана моюну кесилген абалда табылган, мындан улам Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 13-апрелде Жапаров кайрадан Бишкектеги №1-тергөө абагына которулган. 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан