Садыр Жапаровго атасынын жаназасына катышууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф билдирди.
Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесине ылайык 226-226-6, 227, 229, 232, 294, 295-1, 296, 299-299-3, 375 жана 376-беренелер боюнча соттолгондорго кыска мөөнөткө жазасын өтөп жаткан жерди таштап кетүүгө болбойт.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (кылмышка шериктеш болуу) жана 227-беренеси (барымтага кармоо) боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Мындан улам анын СИЗОдон тышка чыгуусу мүмкүн эмес", - деди Александр Никсдорф.
Айта кетсек, Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров кечээ, 20-сентябрь күнү 84 жашында дүйнө салган. Маркум 22-сентябрда саат 11:00дө туулуп-өскөн жери - Түп районунун Кеӊ-Суу айылында жерге берилет.