22-январга караган түнү Азия Кубогунун жарым чейрек финалынын алкагында Кыргыз курама командасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы беттешти. Беттеш негизги убакытта 2:2 эсеби менен жыйынтыкталганы менен, кошумча убакытта БАЭнин оюнчулары 11 метрлик айып соккудан гол жаратып, жыйынтыгында талаа ээлери 2:3 эсебинде жеңишке жетишти.
Бишкек шаарындагы футбол күйөрмандары улуттук кураманы колдоп, биргеликте беттешти көрүү үчүн соода борборлорунун биринин алдына чогулушту. Миңден ашуун күйөрман беттеш соңуна чыкканга чейин экрандын артында улуттук кураманы колдоп турушту. Оюн бүткөндөн кийин күйөрмандардын бир бөлүгү "Ала-Тоо" аянтына бет алышты. Алар борбордук аянтта биргеликте Кыргыз өлкөсүнүн гимнин аткарышып, улуттук кураманын майрамдык маанай тартуулаганына ыраазычылык билдиришти.