"Манас" эл аралык аэропортунун директору башка кызматка которулду

Тектеш кабарлар: 2019-жыл ичиндеги кадрдык өзгөрүүлөр (95 материал)

"Манас" эл аралык аэропортунун директору Нурлан Акматов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген ордунан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталы аэропорттун маалымат кызматына кайрылганда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Нурлан Акматов ЕАЭБдин Бажы боюнча министри кызматына которулган. Анын ордуна азырынча жаңы жетекчи дайындала элек.

Ал "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси болуп өткөн жылдын декабрь айында дайындалган.

Акматов Нурлан Орозбаевич 1970-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган. Эмгек жолун эсепчилик иштен баштаган.

- 1993-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун экономика факультетин аяктаган.

- 1993-1994-жылдары "Жалын" кичи ишканасында эсепчи болуп иштеген.

- 1994-1995-жылдары "Аншир" кичи ишканасында директордун орун басары;

- 1995-1999-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы инспекциясынын Бишкек шаары боюнча инспектору;

- 1998-жылы КУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн.

- 1999-2002-жылдары Мамлекеттик бажы инспекциясынын "Түндүк" темир жол бажысынын башчысы кызматында, андан кийин жетекчинин орун басарлыгында иштеген.

- 2002-2007-жылдары Мамлекеттик бажы инспекциясынын кирешелер боюнча башкармалыгынын башчысы;

- 2007-жылдын 3-февралында Мамлекеттик бажы комитетинин башчысы болуп шайланган.

- 2007-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кезектеги жаңы кабыл алынышына каршы болуп отставкага кеткен. Мындан соң жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин комитеттин башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп турган.

- 2007-жылдын 27-декабрында ошол кездеги президенттин указы менен Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы болуп дайындалган.

- 2011-жылдан 2016-жылга чейин "Газпром нефть Азия" ЖЧКсынын бизнести өнүктүрүү боюнча башкы директорунун орун басары болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан