Салиев Талантбек Тагаевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Маалыматты президенттик аппарттын маалымат кызматынан билдирди.
Талантбек Салиев 1975-жылы туулган, жогорку билимдүү. 1997-жылдан тартып Улуттук коопсуздук органдарында түрдүү кызмат орундарда анын ичинде жетекчилик кызматтарда кызмат өтөп келген.