Дамир Алыбаев ИИМдин Ички аскердик штабынын кол башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Дамир Алыбаев 1978-жылы 1-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Бириккен айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган. 2008-жылы ИИМдин академиясын, 2012-жылы Орусиянын коргоо министрлигинин алдындагы аскер университетин аяктаган.
Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ички аскеринде патрулдук ротанын командири болуп иштөөдөн баштаган.
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.