Арзыбек Кожошев Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Тектеш кабарлар: 2019-жыл ичиндеги кадрдык өзгөрүүлөр (95 материал)

Арзыбек Кожошев Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Арзыбек Кожошев ушул жылдын март айынан бери Евразия экономикалык комиссиясында министр болуп эмгектенген. Ошондой эле экономика министри жана финансы министринин орун басары кызматтарында иштеген.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурунку төрагасы Санжар Муканбетов ушул жылдын май айында экономика министри болуп дайындалган. Ошондон бери бул кызматка эч ким дайындала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан