Султан Ахматов экономика министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Султан Ахматов 1969-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Кызматка дайындалганга чейин Экономика министрлигинде Көмөк көрсөтүү стратегиясы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.