Аманбай Кайыпов Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 5-сентябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кеткен.
Буга чейин аталган комитеттин төрагасынын орун басары болуп Жыргалбек Сагынбаев иштеп келген. Ал кызматтан берген арызына ылайык бошотулду.