"Японияда Кыргыз өлкөсү жөнүндө көп биле беришпейт. Эгер бир аз билсе, аны билем деп айтышпайт" дейт Күн чыгыш өлкөсүндө иштеп, билим алып жаткан кыргыз жигит

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Азыркы учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө түрдүү тармактар боюнча билим алып жаткан кыргыз жаштарынын саны күн санап өсүүдө. Бүгүнкү күндө тил үйрөнүү маданиятына көңүл буруп, мыкты өздөштүрүү үчүн керек болсо ошол тилде сүйлөгөн өлкөлөргө барып, терең өздөштүрүп келе жаткан жаштарыбыздын саны арбын. Бул жолу мына ушундай дымактуу жаштарыбыздын бири, азыркы учурда Япониянын Токио шаарында Hotsuma International School эл аралык япон тили мектебинде билим алып жаткан Аппаз Кыдырали уулу менен маек курдук.

- Саламатсызбы, алгач эле өзүңүз тууралуу кененирээк тааныштыра кетсеңиз.

- Саламатчылык, аты-жөнүм Аппаз Кыдырали уулу. 1994-жылы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Искра айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусумун. Атам айыл башчы, апам үй кожейкеси. Ата-энем көп китеп окугандыктан, баарыбыз кичинекей кезибизден тартып китепке жакын өстүк. Алгач Исфана шаарындагы Юрий Гагарин атындагы мектепте билим алып баштап, 5-класста Исфана шаарындагы 1-гимназияда окудум, кийин 7-класста Кыргыз-Түрк Кадамжай Семетей лицейинде билим алууну уланттым. Лицейден англис, түрк тилин жана математика сабагын жакшы өздөштүрдүм. Азыркы учурда Токиодо Hotsuma International School эл аралык япон тили мектебинде билим алып жатам. Окуудан сырткары веб-иштеп чыгуучу жана маалымат аналитиги болуп эмгектенем.

- Кыргыз өлкөсүндө кайсы жогорку окуу жайда окудуңуз?

- Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин компьютердик инженерия бөлүмүндө билим алдым. Бул бөлүмгө тапшырганыма лицейде окуп жүргөн убагымда математика, англис, түрк тилдерин жакшы өздөштүргөндүгүм түрткү болгон.

- Hotsuma International School эл аралык япон тили мектеби тууралуу маалымат бере кетсеңиз.

- Бул чет өлкөлүктөргө япон тилин үйрөтүүчү эл аралык мектеп. Япон тилин терең үйрөнүүнү каалагандар үчүн мыкты мектеп деп айта алам. Тайпада азиялыктар көп, филиппиндиктер, вьетнамдыктар дагы бар.

- Билим алуу үчүн эмнеге Япония өлкөсүн тандап алдыңыз?

- Япондордун мээнеткечтигин көп окуп, угуп калчумун. Бир өлкөнүн кандай экенин билүү үчүн ошол жерге саякат кылуу же ошол өлкөдө жашап көрүү аркылуу билүүгө болот эмеспи. Ошол сыңарындай, мен да япон элинин маданиятына анан дагы жетишкендиктерине кызыгып, ушул өлкөнү тандадым.

- Сиздин көз карашыңызда өнүккөн Япониянын "кереметинин" сыры эмнеде?

- Менин көз карашым боюнча, Япониянын өнүгүүсүнүн сыры адамдарында деп айта алам. Адамдык ресурс жакшы өнүккөн. Кичинекей кезинен баштап эле балдарды эмгекчилдикке, адеп-ахлакка тарбиялашат. Анан план түзүү, ошол план боюнча иш алып барууну мыкты өздөштүрүшкөн. Калкы жөнөкөй келишет.

- Япондор Кыргыз өлкөсү тууралуу канчалык деңгээлде билишет экен?

- Кыргыз өлкөсү жөнүндө көп биле беришпейт. Эң өкүндүргөн тарабы да ушул деп ойлойм. Кыргыз өлкөсү тууралуу билгендери болсо, өтө жакшы билишет. Себеби япондор бир нерсе жөнүндө билгиси келсе, өтө катуу изилдешет. Эгер бир аз билсе, аны билем деп айтышпайт.

- Келечектеги максаттарыңыз тууралуу билгибиз келип турат.

- Келечекте максаттарым көп буюрса. Алардын бирине токтоло кетсем, Япониянын технология жаатындагы жетишкендиктеринен тажрыйба топтоп, мекениме пайдалуу иш жасасам дейм.

- Чет өлкөдө окууну каалаган жаштарга кеп-кеңешиңиз.

- Адамга билбеген нерсеси татаал көрүнүшү мүмкүн, бирок билбеген жерин көрүү аркылуу адам ар түрдүү ой жүгүртүүгө ээ болуп, көп нерсени үйрөнө алат. Кандай болсо да башка өлкөдө окуса жакшы деп ойлойм. Бирок ким экенибизди унутпашыбыз керек. Чет өлкөгө чыкканда биз өзүбүздүн эле эмес, Кыргыз өлкөбүздүн да атын алып жүрөбүз. Эгер биз жакшы иш жасай алсак, өлкөбүздүн жакшы жагынан тааныта алабыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jelezo
2020-01-26 10:14:06
Азамат тилегиңе жет,оймо чиймеси кыргыздыкына окшоп кетет экен.
+2
Armin_97
2020-01-26 16:14:13
Акамго. Ийгилик!
+1
murat17
2020-01-26 22:22:59
аяш аба болуп кетиптир молодец
0
Bermet068
2020-01-27 04:44:07
Аяш ава, акам деп шылдындабай онураак жазсанар болобу.Же мээнер ошого эле жетеби.Силерге караганда бир топ эле билимдуу бала экен.Азаматсын иним окууларына ийгилик.
0
murat17
2020-01-27 11:27:33
Bermet068,мен болгонун эле жаздым шылдындабай ким озунун тилинен намыстанат эми ошол жактыктар ошентип суйлошот ошого подхот кылып аяш аба деп койдум озунун тилинде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан