Ат-Башыдагы орто мектепти аяктап Кытайдагы университетте иштеп калган жигит: "Максатка жетүү үчүн тааныш-билиш, ортомчунун кереги жок"

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылынын тургуну Мирлан Жолдубаев SUPER.KG порталына маек куруп, окуучулар, студенттер үчүн дем берүүчү, жол көрсөтүүчү кептерин айтты. Жолдубаев 2009-жылы айылдагы Ой-Терскен орто мектебин аяктап, билимин улантуу үчүн Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-Кытай институтуна тапшырган. Андан кийин Кытайдагы университеттердин бирине окууга кирип, бир катар ийгиликтерге жетишкен.

- Мирлан, Кытайга кандайча барып калдыңыз?

- Айылдагы мектепти аяктап, борбор калаада билим алып жатканда өзгөчө орус тилинен аксадым. Бирок кытай тилин үйрөнүп жатканда аны мыкты өздөштүрө баштадым. Ошондо кайсы бир тилди үйрөнүүдө ошол улуттун тарыхын, маданиятын кошо үйрөнүү маанилүү экенин түшүндүм. Кытай өкмөтүнүн стипендиялык программасына документтерди тапшырып, 2014-жылы Ганьсу провинциясынын Ланьчжоу шаарындагы эң жакшы делген Ланьчжоу университетиндеги бюджет орунга ээ болуп, магистратураны ийгиликтүү аяктадым.

Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайлары кытай тилин окуйм же Кытайдан билим алам деген чет өлкөлүк жаштарга ар түрдүү - өкмөттүк, провинциялык, шаардык, университеттик, ректорлук, ишканалык, толук жана толук эмес бюджеттик негиздеги орундарды сунуш кылып келет. Окуулар жарым жылдык, бир жылдык, бакалавр, магистр, докторантура жана бир айлык болуп бөлүнөт.

- Кытайдагы кыргыз студенттери тууралуу айтып берсеңиз...

- Биз окуган шаардагы кыргыз студенттер өтө ынтымактуу. Окуу жагынан болобу, уюштуруу жагынан болобу, дегеле ар тараптан мактоого татыктуу. Ар кандай фестиваль, майрамдарда кечелерди уюуштуруп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, бири-бирибизди кубаттап, колдоп турабыз.

Кандай гана маселе жаралбасын мекендештер чогуу чечүүгө көндүк Учурда жогоруда мен айткан программалар боюнча Кытайдын ар кайсы шаарларында окуган мекендештердин саны аябай көп. Алардын арасында чындап эле билимге умтулганы бар, жөн эле ойноп-күлүп күн өткөргөндөрү да бар. Көпчүлүк кыргыз жаштары окууга көңүл коюп, жумуш да таап, өз келечегин кургандар. Мурда 1-2 тил билгендер бааланчу, азыркы замандын талабы 3-4 тилде эркин сүйлөө, менимче, алдыңкы он жылдыкта бул талап дагы өсөт жана тил билүү менен ийгилик жаралат.

Кытайга барып билим алгысы келгендерге эч кандай тааныш-билиш, ортомчунун кереги жок, бирөөгө акча бербестен өз күчүңөр, аракетиңер, интернеттин жардамы менен гранттык негиздеги окууга барууга мүмкүнчүлүгүңөр бар деп айтам. Болгону максат коюу, оптимисттик көз караш, изденүү, эмгек, убакытты туура пайдаланууга көнүү керек.

- Сиз эки өлкөдө студент болуп көрдүңүз, айырмачылыктарын айтсаңыз...

- Албетте, биздин өлкөдөгү билим берүү тармагы өссө деп тилейм. Бирок ачык айтканда, Кытайга баргандан кийин андагы билим берүү системиндеги өтө чоң айырмачылыктарды көрдүм. Мугалимдердин сабак өтүүсү, алардын студенттерге болгон мамилеси өтө жөнөкөй, бирок жеткиликтүү.

Студенттердин жашоосуна, окуусуна керектүү болгон бардык шарттар түзүлгөн. Айтып кетчү нерсе, спортко жакшы көңүл бурушат, студентерге спорт менен машыгууга толук мүмкүнчүлүктөр каралган.

Мындан тышкары Кытай элинин тынымы жок тырышчаактыгы жеке мага аябай чоң таасир берди. Мисалы, кытай студенттери эртең менен таң атпай саат 7де китепканага барышат, кээде ошол убакта чоңдугуна карабай орун жок болот. Студенттердин макамына чоң маани беришет, кайсы бир демилгени айтып чыксаң окуу жай тарабынан ошого көңүл бурулат, колдоо табат.

- Эң эле көнө албаган жагдай кайсы болду?

- Көнө албай кыйналган жагдайлар башында көп эле болот. Окуудагы түшүнбөстүктөр, ата-энеге, мекенге болгон сагыныч... Ар бир улуттун маданияты, туткан дини, кыял-жоруктары ар кандай болгондуктан көп учурда сенин көз карашыңды же сен алардын көз карашын түшүнө албай терс пикирлер жаралат. Бирок кийин баарына көнүп кеттим.

- Чет өлкө сизди кайсы жакка өзгөрттү?

2014-жылдан баштап окууну бүткөнгө чейин Ланьжоудогу чет элдик студенттер комитетин жетектеп келдим. Ал эми 2015-2017-жылдары чет элдик студенттердин коопсуздугун коргоо комиссиясына мүчө болдум.

Окуу менен бирге, акыркы эки жылда Ланьжоу университетинин Эл аралык маданият мамилелери бөлүмүндө иштедим. Мындан сырткары Кытай мамлекетинин чет элде билим алуу боюнча комитетинин “Кытайды таанып-билүү - Жибек жолундагы жаңы тажрыйба” аттуу иш-чарасында жана бүткүл Кытай боюнча чет элдик студенттердин “Күн астындагы маданий-спорттук саякат” аттуу сынакка университеттин өкүлү катары катыштым. Окуунун арты менен Кытайдын көптөгөн шаарларына, ошондой эле башка 5 чет мамлекетке барууга жетишип, жашоого болгон көз карашымды кеңейттим. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн көптөгөн досторду таптым. Учурда жеке ишкермин, мекениме кайтып келдим, алдыда чоң максаттарым бар.

Орус тилин билбей окуу жайда тайпалаштарына шылдың болгон Асылбек Мадалиев
Америка менен Кытайда кантип окуп калганын бул шилтемеден окуңуз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан