Кореяда билим алып жаткан Улукбек: "IT тармагы дайыма актуалдуу кесиптердин катарына кирет" (маек)

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Улукбек учурда америкалык университеттин Кореядагы филиалында билим алып жатат. IT тармагы боюнча окуп жаткан каарманыбыз SUNY Korea университетине бир эле сынактын жыйынтыгы менен өткөн. Чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүгү жогору баса белгилеген Улукбек кийинки жылы окуусун Америкада улантууну пландоодо.

Биз Улукбек Айтматов менен чет өлкөдө окуу үчүн кандай критерийлер керек, эмнелерге көңүл буруу зарыл экени тууралуу кеп козгоп, анын окуучулук кези, кесиби жана кантип Кореядагы окуу жайга өтүп калганы боюнча баарлаштык.

- Саламатсызбы, Улук. Алгач өзүңүз жана үй-бүлөңүз жөнүндө кеп козгосок...

- Менин аты-жөнүм Улукбек Айтматов, Сүлүктү шаарында туулуп-өскөм. Учурда 23 жаштамын. Атам көмүр казуучу шахтада эмгектенет. Ал эми апам болсо мугалимдик кесипти аркалайт. Мен үй- бүлөдө төрт бир туугандын улуусумун. Менден кийин 3 иним бар.

- Окуучулук күндөрүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Башталгыч классты Сүлүктүдөгү № 4 мектепте окудум. Негизи башталгыч класста жакшы деле окучу эмесмин. Чейректериме “3” чыккан учурлар да болгон (күлүп). Бирок математикага аябай кызыкчумун. Өзгөчө башталгыч класстагы мугалимим ар кандай логикалык суроолорду берип, математика менен “достошуума” себепчи болгон. Андан соң 5-6-класста №9 мектеп гимназиясынан билим алдым. Кийин математика боюнча сынакка катышып, Сүлүктү шаары боюнча 2-орунду алгам. Андан кийин Кадамжайдагы “Семетей” лицейине 50 пайыздык жеңилдетүү менен өтүп кеттим.

Лицейде окуп жүргөндө англис тилин жакшы өздөштүрө алдым. Себеби так илимдер англис тилинде өтүлчү. Лицейде математикадан олимпиадага даярданып жүрдүм, бирок классташтарымдан калып калчумун. Кийин жок дегенде максатсыз калып калбайын деп чет өлкөдө билим алууга аракет кыла баштадым. Бардык окуучулар чет өлкөдө билим алууну каалайт эмеспи. Мен дагы 9-классымдан баштап кантип башка мамлекетте окуса болорун изилдедим. Ал үчүн англис тили шарт болгондуктан өз алдынча англис тилинен сынактарга даярдык көрүп жүрдүм. Кийин SAT деген америкалыктардын сынагына тапшырдым. Биринчисинде өтпөй калгам, 6-7 айдан кийин кайра тапшырдым. Экинчисинде жакшы жыйынтыкка ээ болуп, Кореяга окууга өтүп кеттим.

- Учурда кайсы багыт боюнча билим алып жатасыз? Негизи эле ал жакка кантип тапшырып калдыңыз?

- Учурда Түштүк Кореядагы SUNY Korea окуу жайында компьютердик инженерия адистиги боюнча окуп жатам. Башынан эле Америкада окуйм деп максат койгом, интернеттен карап, документ чогулта баштадым. АКШда мыкты университетте билим алуу чет өлкөлүк студенттер үчүн 50-60 миң долларды түзөт экен. Ал жакта билим алуу үчүн менин бюджетке илинишим керек болчу. Себеби андай сумманы менин үй-бүлөм төлөй алмак эмес. Ошол себептен АКШнын башка өлкөлөрдөгү филалдарынан бюджеттик орундарды карай баштадым. Жыйынтыгында Американын 53 өлкөдө жайгашкан окуу жайларынын тизмеси чыкты.

Андан соң, бардык университеттерди изилдедим, айрымдарынын шарты, климаты же тамак-ашы туура келбей жатты. Акыры Кореядагы окуу жайга токтолдум. Баса, учурда билим алып жаткан окуу жай аркылуу 2-3-4-курста бир жылга АКШда окуп келүү мүмкүнчүлүгү бар.

- Документ тапшырууда кандай кыйынчылыктар болду?

- Кореяда документтерди онлайн тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар, документтерди сайттан эле жүктөп коюуга болот. Негизи чет өлкөгө тапшыруу үчүн кайсы өлкө, кайсы кесип жана кайсы университет экенин аныктап, ошол университеттин сайтын эле карап, изденүү керек. Себеби мүмкүнчүлүктөр дайыма бар, болгону изденүү гана керек. Эч ким ушул жакка тапшыр деп сен үчүн изилдеп айтпайт. Ар ким өзү аракет кылуусу зарыл.

Мен окуп жаткан окуу жайга өтүү үчүн эки жолу документ тапшырса болот. Биринчиси, январда болсо, экинчиси июль айында болот. Мага 6 күндүн ичинде жооп келген. Ал эми документтерди чогултуу оңой эле, ашыкча документтер талап кылынбайт. Мен англис тилиндеги сынактын гана жыйынтыгын тапшыргам. Ошондой эле ар кандай сертификаттар дагы маанилүү роль ойнойт. Себеби азыр кайсы бир окуу жайга тапшыруу, иш-чарага катышуу же жумушка кирүү үчүн жакшы окуу жетишсиз. Анын кандай адам экени, коомдук иш-чаралардагы аракети маанилүү.

- Кореяга барган учурдагы алгачкы сезимдериңиз эсиңиздеби?

- Мага Кореяга баруу аябай кызык болгон. Себеби биринчи жолу учакка отуруп, биринчи жолу Кыргызстандан сыртка, болгондо да жалгыз чыктым. Аба майдандан түшкөндөн кийин эле башкача боло баштадым. Себеби бир дагы адамды тааныбайм, эч ким кыргызча же орусча сүйлөбөйт, англисче деле көпчүлүгү биле бербейт. Чет мамлекетке келгениме эле сүйүнүп жүрдүм, башка нерселерди ойлогон деле эмесмин.

- Башка өлкөгө баргандар башында кыйынчылыктарга туш болот деп угуп калабыз. Сизде дагы кыйынчылыктар болдубу?

- Башында бир жыл жалгыз кыргыз болуп жүрдүм. Англис тилинде деле укмуш сүйлөй албайм. Ичимдегилерди башкага айтуу, алар менен баарлашуу кыйын болгон. Жадакалса соода борборлоруна барганда, азык-түлүк сатып алууда кыйналдым. Кийин гана Кореяга досторум келди. Ошондой эле тамак-аш табууда бир аз көйгөйлөр жаралды, себеби бул жакта адал тамактарды табыш кыйын.

- Корей студенттеринин өзгөчөлүктөрүн байкай алдыңызбы?

- Корейлер балдарына кичине кезинен баштап ментор жалдап окутушат. Ошол себептен аларга “окуш керек” деген түшүнүк кичинесинен сиңип калган. Эркек балдары дагы сөзсүз 18 ай аскердик кызмат өтөшөт. Андан соң окууга тапшырышат. Кыргыздардан айырмасы менимче, окуу үчүн жашка чек койбогондугунда. Ошондой эле алардын убакытты туура пайдаланып, план менен жашагандыгы жагат. Корей балдары өз алдынча издене билишет, китеп алгандан акчасын аябайт. Максатты туура коюп, ошол нерселерге жеткенге аракет кылат.

- Эми кесибиңиз боюнча кеп козгосок, бул кесипти тандашыңызга эмне түрткү болду?

- Менин бул кесипти тандаганымдын башкы себеби мектепте математика сабагын жакшы көргөнүм болсо керек. Башка кесиптерге каалоом жок эле. Негизи бизнес жаатына кызыгып жүрдүм, бирок ал тармакта адис болуу үчүн көп окуп, элдин алдына чыгып сүйлөө керек дегендей. Менин андай жөндөмүм жок болгондуктан кыйналып калбайын дедим. Анан ойлонуп, жөндөмүмө ылайык программалоо тармагын тандадым.

- Сиздин оюнузча кайсы кесиптер келечекте актуалдуу болушу мүмкүн?

- Менимче, IT тармагы дайыма актуалдуу болгон кесиптердин катарына кирет. Болгону анын башка багыттары өнүгүп кетиши ыктымал. Мисалы, жасалма интеллект, роботтор. Себеби технологиясыз келечекти элестетүү мүмкүн эмес. Ошол себептен бул тармакты тандаган адистер жумушсуз калбайт деп ойлойм.

- Чет өлкөдө билим алууну каалагандарга кандай кеңештерди бересиз?

- Алгач англис тилин үйрөнүү керек деп ойлойм. Мисалы, корей тилин билгендер корейлер менен гана баарлашса, орус тилин билгендер Орто Азия мамлекеттеринин жашоочулары менен гана сүйлөшө алат. Ал эми англис тилин билгендердин бардык өлкөгө барууга, маалыматтарды оңой табууга мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле чет өлкөдө билим алууну каалагандар коомдук иштерде активдүү болгону жакшы. Себеби азыр жакшы окуп коюу жетишсиз. Мурда чет өлкөдөгү ЖОЖдор талапкердин билимине карап алса, азыр коомдук иштерге катышканына, жашоодо кандай адам экенине карап алышат. Жашоодо өз орду бар, көп адамдар менен иштеше билгендер учурдун негизги талаптарынын бири.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан