"Тогуз коргоол жашоодо туура ойлонууну, план түзүүнү жана бат чечим кабыл алууну үйрөттү". Азия чемпиону Анарбек Жамакеев менен маек

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

28 жаштагы Анарбек Жамакеев Кыргыз өлкөсүндө тогуз коргоолду мыкты ойногондордун бири. Анын тогуз коргоолго болгон кызыгуусу кичине кезинен башталган. Анарбек Азиянын (2013, 2018) жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (2016, 2018) эки жолку чемпиону, интеллектуалдык олимпиаданын жеңүүчүсү (2013, 2016, 2019), Түркияда (2018), Польшада (2019) жана Сауд Арабиясында ( 2019) өткөн мелдештерде баш байгени алган. 2017-жылы тогуз коргоол боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери наамына татыган.

Анарбек Жамакеев тогуз коргоол менен башталгыч класста окуп жүргөн кезинде таанышкан. Анткени ошол учурда мектепте тогуз коргоол ийрими ачылып калат. Классташ балдары менен ийримге барган спортчуда "бул улуттук оюнду кантип ойнойбуз" деген кызыгуу ойгонот. Ага мугалиминин "эгерде тогуз коргоолду мыкты ойносоңор, республикалык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүгүңөр бар" деген сөзү шык берип, ушундай чоң мелдештерге катышсам деп кыялданат.

"Тогуз коргоолду 12 жашымда Баяман Шакирбаев аттуу агайым үйрөткөн. Алгач мектепте баарын жеңип алып, Чүй облусунун командасында ойноп калгам. Ошол эле жылы республикалык спартакиадага катышып, 1-орунду алгам. Бала кезимден бери эле тогуз коргоол жашоомдун бир бөлүгүнө айланып калган. Ал мага жашоодо туура ойлонууну, план түзүүнү жана бат чечим кабыл алууну үйрөттү", - дейт ал.

Жамакеев тогуз коргоолду мыкты үйрөнүү үчүн күнүгө 3-4 саат китепте жазылган күчтүү оюнчулардын жүрүштөрүн карап машыкчу. Талыкпаган эмгектин артынан ал Кыргыз өлкөсүндөгү жана дүйнөлүк мелдештерде көптөгөн атаандаштарын жеңип алган.

"15 жашымда мага тогуз коргоолдон күчтүү оюнчулардын жүрүштөрү жазылган китепти Айгүл Мамышова эжем берген. Ошол китепте ал кездеги Казакстандын чемпиону Айдос Сейтжановдун жүрүштөрү да бар болчу. Айдос тогуз коргоолду өтө мыкты ойногондуктан ушул оюнчу менен ойносом деп кыялданчумун. 2013-жылы Азия чемпиондугунун финалдык беттешинде Айдосту утуп, Азиянын чемпиону болгом. Ал эми 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында баш байгени алгам. Камчыбек Касымов агай абдан жакшы жардам берди. Көптөгөн жеңиштеримдин арасынан ушул экөөнү сыймыктанып айта алам. Классикалык оюндарды бат ойнойм. 2013-жылы Азия чемпионатында ар бир оюнчуга 1 жарым саат убакыт берилген, мен финалдык беттеште ошонун 15 мүнөтүн гана пайдалангам.

Спортчу оюн менен эле чектелип калбай 2017-жылдан баштап адистештирилген спорт мектебинде машыктыруучу да болуп эмгектенет. Ал экономист болом деген максатынан баш тартып, биротоло тогуз коргоол менен кетүүнү чечкен.

"Экономист болсом деп ойлочумун, анда тогуз коргоолду таштаганга туура келмек. Тогуз коргоолду жакшы өздөштүрүп калганда машыктыруучу болом деп өзүм чечкем. Азыркы учурда 5 окуучум бар. Баары эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды алып келишет. Балдарга башталгыч класстан баштап тогуз коргоолду үйрөтө баштаса болот. Мыкты чебер болуш үчүн 10 миң саат машыгуу керек. Көп мелдештерге катышып жана мыкты оюнчулардын жүрүштөрүн карап, аларды анализ кылуу керек. Бул оюн логиканы, ой жүгүртүүнү, кыймылдарды эсептөөнү жана алдыга умтулуу жөндөмүн өрчүтөт", - деди.

Жамакеевдин айтымында, бул улуттук оюнду Кыргыз өлкөсүндө жакшы ойногондор абдан көп. Казакстан, Германия, Чехия, Польша, Монголиянын оюнчулары да абдан күчтүү ойношот.

"Биздин өлкөдө тогуз коргоолду мыкты ойноп, алдына ат салдырбагандар көп. Пандемия учурунда онлайн режимде мелдештер өтүп жатты. Мен биринчи болуп быйыл боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жолдомо уттум жана кыздар арасында менин окуучум утту", - дейт ал.

Ал учурда быйыл Түркияда өтө турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярданып жатат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан