Жалпы 41. Президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы бир жаран БШКга арыз жазды

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына Тукунов Акжолтой арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын жараны Тукунов Акжолтой Шакирбекович кайрылды. Ал 1981-жылы 29-мартта төрөлгөн. "Балыкчы Ак-Жол Ынтымагы" коомдук бирикмесинин төрагасы", - деп жазылган билдирүүдө.

Бул көрсөткүч менен өлкөдөгү президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга жалпы 41 талапкер арыз жазды. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан