Курсан Асановдун штабындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Башкы прокурорго кайрылуу жасады

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Президенттикке талапкер Курсан Асановдун штабындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асановдун жубайына карата иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды деген маалымат боюнча кайрылуу жасады. Ал кайрылуу Башкы прокуратурага жана УКМКга жөнөтүлгөнүн SUPER.KG порталына жактоочу Таалайкүл Токтакунова билдирди.

"Курсан Асановдун штабындагы өкүлү Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жасаптыр. Кайрылууда 7-январда Асановдун жубайына тиешелүү жарыяланган материал талапкердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирери айтылган. Ошондой эле УКМК административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланып жаткандыгы тууралуу арыз жазылган.

Бул боюнча менде азырынча толук маалымат жок. Ал эми талапкер Асановдун жубайы боюнча иштин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын массалык маалымат каражаттарынан уктук. Себеби буга чейин мен кызыкчылыгын көрсөткөн тарапка УКМКдан эч кандай эскертүү, билдирүүлөр келген эмес. Суракка чакыртуулар дагы болгон эмес. Эгер суракка чакырса шектүү деп аташса болмок", - деди жактоочу.

Эскерте кетсек, президенттикке талапкерлердин биринин жубайы ири алдамчылыкка шектелип жатканын кечээ, 7-январда УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдаган.
Бул боюнча айрым маалымат булактар бул Курсан Асановдун жубайы экенин жазып чыгышкан болчу. Мындан улам жактоочу Таалайкүл Токтакунова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан