Президенттик шайлоо: Дагы бир талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Президенттик шайлоого талапкер болгон Адилет Маматов шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 3-декабрда Кыргыз Республикасынын жараны Маматов Адилет Жанышбекович БШКга 2021-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын президентин кезексиз шайлоого катышуу үчүн берилген документтерди алып салуу өтүнүчү менен кайрылды", - деп билдиришти БШКдан.

Маматовдон тышкары буга чейин Акжолтой Тукунов, Арсланбек Малиев жана Базарбай Темишов шайлоого катышуудан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан