"Арасында айым да бар". Президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы 3 жаран БШКга арыз жазды

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына дагы 3 жаран арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар: Лилиенталь Юлия Викторовна, 1981-жылы 12-июлда төрөлгөн, башталгыч класстын мугалими;

Капаров Чынгыз Капарович, 1984-жылы 27-августта төрөлгөн. Убактылуу иштебейт;

Сүйүналиев Жаныбек Курманканович, 1955-жылы 10-январда төрөлгөн. Убактылуу иштебейт.

Бул көрсөткүч менен өлкөдөгү президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга жалпы 48 талапкер арыз жазды. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан