БШК президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлгөн баннер боюнча үн катты

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Социалдык тармактарга президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлгөн баннер Ош облусунун Өзгөн районундагы Кароол айылына илинген видео жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлгөн баннер боюнча үн катты.

"Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын айтымында, баннер алынып салынды. Бул факт боюнча акт түзүлдү. Бул мыйзам бузууну 1957-жылы туулган В.Р. аттуу жаран жасаган. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы эртең, 20-ноябрдагы отурумунда бул маселе каралат. Үгүт иштери 15-декабрда башталат. Учурда ар кандай үгүт иштерине тыюу салынат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Chungyz
2020-11-19 19:29:45
Карызды тим эле койгула алгандан кийин толонот озунорду эптеп алгыла элден акча сурай бербей
+4
bond02
2020-11-19 20:31:18
Шайлоодон четтетсин Садырын.
-14
asyl1998
2020-11-19 21:17:18
Садырга мыйзам иштебейби биздин мамлекетте. Садыр зордука салып, фанаттардын кара кучун пайдаланганды токтотсун. Садырды кайра алып барып камабаса бул киши менен онолбойбуз. Ото тайкы акылга сыйбаган мыйзам жазып алыптыр. Мыйзамдарын окусан молдо соройлор, даваатчылар, билимсиздер жазган экен. Мындай мыйзам менен артка кетебиз, бир гана Садырдын жыргалчылыгы учун гана иштей турган баш мыйзам экен
-8
Jacob.
2020-11-19 21:22:34
Бул жерде 2 эле вариант, ашыкча пахта койгон же коро албаган ичи тардык.
Азыр Кыргызстанда ушул эки адат менен алдыга жыла албай турабыз...
+8
Chungyz
2020-11-19 21:30:12
Эми карызды алгандан кийин толонот элди алдабайле оздорун эптеп алсын элди кыйнабай
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан