Талапкерлердин саны 8ге жетти. Абдыкаар Сыдыков президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз калтырды

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Президенттик кызматка өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары БШКга арыз таштагандардын саны 8ге жетти. Тагыраагы, шайлоого катышуу үчүн бүгүн, 5-ноябрда пенсионер Абдыкаар Сыдыков БШКга арыз тапшырды. Мындай маалымат БШК тарабынан белгилүү болду.

Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, Канат Исаев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын калтырган.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн жарандар партиянын атынан же өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу талапкерлигин койсо болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Kuban-1207
2020-11-05 17:27:27
Президент Садыр эле шайланат башкасы бүт корупция
+9
Baatirbek81
2020-11-05 17:29:48
Ким бул
+6
Sancho-
2020-11-05 18:18:28
Талапкерлер 15 ке жетет окшойт.
+2
Rusi79
2020-11-05 18:54:20
Алды артынарды карап анан койгулачы,эненердин оюну эмес президент болуш,кээ бирлери атын чыгарыш учун эле коюп жатышат как мээлер.
+6
Baatirbek81
2020-11-05 20:13:28
Rusi79,
0
Nuuman
2020-11-05 19:12:16
Ушу президенттик шайлоо башталаарда өмүрү укпаган адамдар коёт талапкерлигин. Анан кайра жакындаганда алып коёт талапкерлигин. Ойлоп коем, ушу атын тааныткысы келип аткан окшойт деп
+3
Asel69
2020-11-05 19:48:23
Джо Байден го бул.
+2
Baatirbek81
2020-11-05 20:12:41
Asel69,ошондон кембекем дегендегисиго
0
bond02
2020-11-05 20:12:07
Талапкерлерге ата болоюн деген го.
+3
al-abu-kinesz
2020-11-05 20:30:11
Садыр Жапаров 80%. Адахан Мадумаров 18%. Канат Исаев 1%, Калгандары баары биригип 1%. Арстан Алай 557голос алат.
+5
rola
2020-11-05 20:39:46
Эптеп эле атын чыгарып,добушту болуш керек экенда э?
0
make2
2020-11-05 22:48:15
Мадумаровду шайлайлы, Садырды дуйно жузу колдобойт бутту, президенттике сабатыда азырак экен
-4
nazira...
2020-11-06 19:07:47
make2,мадумарынын сабаты болсо сайрабай, канча жылдан бери корот элек го колунан бирдеме келгенин. Неге тажабады ушу киши, колунан келген ишти кылыш керек да
0
Baiaman997
2020-11-06 02:56:20
Дагы бирар 500 же 700 чактуу Адам болгондо, ар бири 1 млн сомдон депозит койсо, ошондо Кытайдан бираз болсода кутулуп алатлек, а так Садырды откозуп алабыз Президентике))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан