Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров 40 миңдей кол топтоду

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 3-декабрда президенттикке талапкерлер канча кол топтолгону боюнча маалымат берүүчү акыркы күн. Азыркы саатка карата кол топтогондордун катарын "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров толуктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Адахан Мадумаров 39 миң 856 кол топтогон.

Мыйзамга ылайык, бүгүн саат 23:59га чейин президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес кол чогултуп БШКга тапшырышы керек. БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген кол тамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат.

Акыркы маалыматтар боюнча Арстанбек Абдылдаевден тышкары БШКга Садыр Жапаров, Бабыржан Төлбаев, Аймен Касенов, Курсан Асанов чогултулган тизмени өткөрүп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан