Президенттик шайлоо: Кубан Чороев 39 миңден ашуун кол топтоду

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Президенттикке талапкер Кубан Чороев 39 миң 53 кол топтоду. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, бүгүн саат 23:59га чейин президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес кол чогултуп БШКга тапшырышы керек. БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген кол тамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат.

Акыркы маалыматтар боюнча Арстанбек Абдылдаев, Садыр Жапаров, Бабыржан Төлбаев, Аймен Касенов, Курсан Асанов, Адахан Мадумаров чогултулган тизмени БШКга өткөрүп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан