Поэтерапия: "Оо келиндер, тастаңдап турбагыла! Кайнатаны, кайненени сыйлагыла"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

Гүлзат Ормонбекова Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылында 1976-жылы жарык дүйнөгө келген. 1983-1993-жылдары Таш-Көмүр шаарына караштуу №6 Панфилов атындагы мектепте окуп, ийгиликтүү аяктаган. Учурда Москва шаарында шаардык поликлинкалардын биринде медайым болуп эмгектенет.

Ажырашкан жандарды жаман дебе…

Нелер өтпөйт жашоодо асыл баштан,
Жаркылдаган жан көрдүм ажырашкан.
“Жакшынын бир жери кем” деген сөз бар,

Кеми ошо… тагдыр жолдо жалгыз баскан.

Балким, тагдыр кызганган бактыны андан,
Балким, жолу болбогон жакшы жардан.
Жаманга кор кылбайын деген өңдүү,
Балким, бакыт коркоттур жакшылардан.

Бакыттын сурашканда барар жагын,
Жармашам дейт этегине алсыз жандын.
Өзүн-өзү багат деп жалгыздыкка,
Байлаган дейт жакшынын таалай-багын .

Ажырашкан жандарды жаман дебе,
Жалгыздыкты тандабаган алар деле.
Тагдырга буйрук кыла алганда эгер,
Татына жүзүнөн жаш тамар беле?

Ажырашкан жандарды жаман дебе,
Басмырлап, сын көз менен карабагын.
Айтпаса айтпагандыр эрден бакыт,
Бала деген бактысы бар алардын!

Ажырашкан жандарды жаман дебе

- Коомубузда ажырашкан аялдарга башкача көз караш менен карашат, айрыкча биздин элде. Ушул нерсе мага жакпайт. Эмнеге ажырашкан аялдардын жакшы жагын көрө албайбыз? Жакшылап карасак, балдарын жалгыз багып жатса дагы эч нерседен кем кылбай, татыктуу тарбия берип, билим берип жаткан аялдар бар. Мен бул ырымда дал ошол нерсени айткым келген. Аял болуп, алардын түйшүгүн дагы, жыргалын дагы жон-терим менен сезген үчүн да бул темага көп кайрылам.

Каргышка калбагыла!

Кайын журтум кадырлап тура албасам,
Каадасын келиндиктин кыла албасам.
Келин деген аттан мен айланамбы,
Ысык демдеп чайымды куя албасам?!

Кайнатама урмат кылып жүгүнбөсөм,
Кайненеме кербезденип ийилбесем.
Касиеттен келиндик айланамбы,
Каран күн! Чай куюшту кыйын десем?!

Келин бойдон турбасмын ээлип-жээлип,
Кайын эне боломун эртең келип.
Касиетти келиндик – келиниме,
Калтыргым бар өз колум менен берип!

Чайнегимди чай куюп, салты менен,
Дастарконум нан-майы, канты менен.
Кудай буйруп өткөрүп берсем деймин,
Келиниме келиндик анты менен!

Оо келиндер, тастаңдап турбагыла!
Кайнатаны, кайненени сыйлагыла.
Кайтар дүйнө деген бар! Келин деген,
Атыңарга антип камчы урбагыла?!

Уулу жакшы, атасы жаманбы же?
Энесинин ак сүтү арамбы же?
Сендей болуп алар да кастарлашкан,
Сен кастарлап сүйбөйсүңбү балаңды же?

Кайын журтка кадыр-сый арнагыла,
Касиеттен келиндик танбагыла.
Карыларга чай куюп берүү - дөөлөт,
Дөөлөтүңөрдү ошол чанбагыла?!

Балаңдан көр!!! Каргышы карылардын,
Оо келиндер, каргышка калбагыла?!

- Өткөн жылы 9-мартта таң эрте күндөгүдөй жумушка даярданып жатып интернетти ачып калдым . Ошол күнү Бишкекте өтүп жаткан митингге көзүм түштү. Фемминисттер нааразычылык акциясына чыгышкан экен. Көрүп алып зээним кейиди. Себеби кыргыздын эле чырактай уулдары, мөлтүрөгөн кыздары келиндик кызматты кулдун жумушу катары эле сыпаттагандай сезим калтырды. Көкүрөгүмдө эле кайнаган саптарды чиймелеп коюп, жеке баракчама жүктөп, жумушка кетип калгам. Кечинде келип ачсам көптөгөн адамдар таасирленип, элге тарап кетиптир.

Кино тарт мен жөнүндө…

Кино тарт мен жөнүндө
Сюжети ырдан бүткөн
Укмуштай эпизоду
Көргөндө кан жүргүткөн .

Кино тарт мен жөнүндө
Баш каарман мендей болсун
Максатка жетем деген
Чыдамы жердей болсун .

Кино тарт мен жөнүндө
Мен ыйлап көрөм аны
Мендейлер жүздөп, миңдеп
Опокшош тагдырлары…

Мекенден кеткенимди
Мекендеп чет жериңди
Бассам да, турсам тынбай
Эл, журтту эстээримди .

Кино тарт мен жөнүндө
Күйүттөн жанганымды
Зыйнатын чоң энемдин
Кыла албай калганымды .

Кино тарт мен жөнүндө
Бир тиштем наным өтпөй
Балдарым ойлогондо
Муунгам аба жетпей…

Алыста уулдарым
Өскөнүн көрбөгөнмүн
Бала деп кайышсам да
Бала үчүн өлбөгөнмүн!

Кино тарт мен жөнүндө
Атамды сагынганым
Апамдын караанына
Зар болуп кагылганым…

Тагдырдын ызгаарына
Чыйрыгып тоңгонумду
Мезгилди багындырып
Мезгилден озгонумду !

Кино тарт мен жөнүндө
Ишенчим тозгондугун
Өлө албай жүрүп өзүм
Өксүгөн жанды көрсөм
Колумду созгондугум.

Кино тарт мен жөнүндө
Мезгилдер кеткен уурдап
Сүйүлбөй кайран жаштык
Өчкөнүн оту муздап…

Арымды туу тутканым
А кээде уу жутканым
Жалгыздык тепкисинде
Жаштыгым буулукканын…

Мээнетим төгүп иштеп
Мерезден алданганым
Арзыбас айлык үчүн
Ар ишке жалданганым.

Кино тарт мен жөнүндө
Арамга арбалбадым
Жеңем деп тагдыр сени
Жаш жутуп карганганым…

Кино тарт мен жөнүндө
Үмүттүн бүтпөгөнүн
Бөлөк эл, бөтөн жерде
Шаарымды түптөгөнүм .

Кино тарт мен жөнүндө
Түйшүктү жеңип баарын
Максатым ишке ашырып
Тагдырды багынтканым!

Кино тарт мен жөнүндө
Кийбеген кырмызы көп
Шымданып шымалана
Таалайын өзү курган
Кыргыздын бир кызы деп!

Өткөргөн өмүр жолум
Мына ушу… казып бердим
Кино тарт мен жөнүндө
Сценарий жазып бердим.

Кино тарт мен жөнүндө …

- Социалдык тармактагы баракчама бир жолу белгилүү эле режиссёрдон мындай кат келди: "Сиз жөнүндө кино тарткым келет",- деген. Анан ошол катка ушундай ыр менен жооп бергем. Чынын айтыш керек, бул ыр менин эле эмес, миңдеген кыз-келиндин тагдыры.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nursul
2020-12-14 15:11:56
Сонун ыр саптар чыгармачылык ийгилик каалайм
+1
Mister-XXX
2020-12-14 18:41:35
Ийгилик!Жакшы ырларды жарата бер!
+1
Raihan0602
2020-12-15 11:26:22
Калемиң колуңан түшпөй дагы жакшы ырларды жаза бер сулуу кызым ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан