SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасында бул жолу жаш калемгер Сабира Шейшекеева ырларынын жаралуу тарыхы тууралуу баяндап бермекчи.
Сабира Шейшекеева Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында 1989-жылы 5-апрелде жарык дүйнөгө келген. Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы университетинин филология бөлүмүн аяктаган. Мындан сырткары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде курулуш багыты боюнча сырттан окуу бөлүмүн бүтүргөн. Президенттин алдындагы улуттук тил комиссиясынын "Кыргыз тили" төш белгиси, "Янги Овоз" эл аралык жазуучулар союзунун "Мыкты калемгер" төш белгиси жана көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси.
"Жан дүйнөм жаңырыгы ырларым", бөбөктөр үчүн "Бөбөктөргө ыр десте", "Поэзия түрмөктөрү" китептеринин автору. Үй-бүлөлүү, үч уулдун энеси.
***
Күрөшүп түйшүк менен турмуштагы,
Пайдубалын жашоонун тургузбады.
Канча адам бул тагдырды басып өткөн,
Айтып турат жүзүндөгү бырыштары.
Тырмышып чокусуна чыкчудай эхх,
Ар ишке күндөн күнгө умтулабыз.
Түбү жок акырына жете албай,
Адамзат акырындан кырылабыз.
Аттигиң барарыбыз көрдүн ичи,
Кара жер кучагына камтып алат.
Ээрчитпей ата-энеңди, тууганыңды,
Ажал келсе жаныңды жалгыз алат.
Биримдик ыроолосо ортобузду,
Душмандар чабуулун кантип жасайт?
Эгерде баркын билсек асылдардын,
Көңүлдөр көккө учуп, жаркып барат.
Асманда күн мээримин төгүп турса,
Тирүүлүк жандангандай өңүн салат.
Эң жогорку мамиледен сага арналган,
Көңүл толуп, бул жашоодон моокум канат.
Кечирим дарысы го жүрөк дарттын,
Айыкса да, а бирок тагы калат.
Андыктан келгилечи асылдарым,
Сый-урматта өтөлүчү өмүр улап.
Андыктан келгилечи асылдарым,
Сыйлашалы, тирүүлүктө өмүр кымбат.
Учурдун ыры
Онлайн окуп, камерадан эч түшпөй,
Бирде сүрөт, бирде видео биз жүктөп.
Окуу жылы аягында бардыгы,
Калышаттыр журналисттей тың сүйлөп.
Эркин сүйлөп, оюн топтоп ар бири,
Колду жаңсап, камерадан тартынбай.
Мугалими мактап койсо шыктанып,
Атаандашып бири-биринен калышпай.
Тайпалардан көрүп кол жазманы,
Сулуулашып өздөрү эле оңдонот.
Эжейине жагынууга ар бири,
Шашылышат, аң сезими ойгонот.
Таза, тунук балалыктын сезими,
Алдоо гана ар бирине жарашат.
Мактап анан сүрөп турса ата-эне,
Бала дагы окуу үчүн тырышат.
Келечектин эркин кушун таптайлы,
Бийик учсун, ата-энелер какпайлы!
Көмөк берип, биз балдарды жетелеп,
Аракетин ар баланын барктайлы!
Апакем аман бар үчүн....
Жашоону сүйөм апакем аман бар үчүн,
Жан үрөп дайым балдары үчүн иштеген.
Мээримин төгүп небере, уул, кыз, келинге,
Түндүгүн үйдүн тээ бийикке көтөргөн.
Турмушту сүйөм, болсо да оор, жеңили,
Туура багыт тандоону апам көрсөткөн.
Тагдырдын оор талашсыз ушу сыноосун,
Кеңеши менен апакем бар бөксөрткөн.
Ааламды сүйөм, буркурайт жыты апамдын,
Жел менен учуп, абага сиңип кеткендей.
Кай жерге барсам дем-күчүм болуп ар убак,
Салкын жел сылап, жүзүмөн апам өпкөндөй.
Кызматым сүйөм, ак эмгек артып элиме,
Апамдай иштейм, маңдай терим төккүчө.
Адал эмгек артында дөөлөт карылык,
Жараткан берсин турмуштан көзүм өткүчө.
Жашоону сүйөм апакем аман бар үчүн,
Сагынып кетем жанына жетип өпкүчө.