ПОЭТЕРАПИЯ: "Журтуң үчүн сүйлөбөгөн тилиңди, Жулуп ыргыт, андан көрө ит жесин!"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

Бүгүн, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Ар бир элди улут катары тааныткан анын тили. Эне тил! Кандай жөнөкөй, кандай терең, кандай улук сөз. Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, сезимибизди ойготуп, акылыбызды арыштатып турат.

"Поэтерапия" рубрикасында мамлекеттик тил күнүн утурлай эне тил тууралуу жазылган акындардын ыр саптарын сунуштайбыз.

Улут болсо тилим менен улутмун

(Эскертүү! ырдын текстти кыскартылып берилди).

Эй жарандар,
Эскертерим силерге:
Чындап кызмат кылам десе ким элге,
Сүйсүн тилин
Сүйгөн жарын сүйгөндөй,
Күйсүн тилге
Перзентине күйгөндөй.
Жалгыз ырын ырдай берет кекилик,
Кекиликтер койсун мени кечирип.
Эне тилин билбей туруп,
Эне тилге күйбөй туруп,
Эли-журтун
Сүйөмүн деш чекилик.
Ысыгыңа алар күйүп,
Суугуңа тоңалбайт
Эне тилин түшүнбөгөн,
Кур кыйкырып күпүлдөгөн,
Эч убакта Атажурттун
Анык уулу боло албайт!

Бул чындыкты
Тилин танган
Тилазарлар,
Динин танган
Диназарлар угушсун.
Мейли алардын куйкалары
Курмушудай курушсун.
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
Тил деген бул —
Метрикасы улуттун!

Автор: Эсенгул Ибраев

Тилдер жана энелер

Ким барктаса өз энесин, өз тилин,
Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.
Ар улуттун энеси улуу, тили улуу
Өйдө-ылдый деп, айта албайбыз эч бирин.

Уккун мени, уул-кызым жаштарым!
Ушул сөзүм жадыбалдай жаттагын.
Тилди тилге, эне менен энени
Чаташтырбай өз-өзүнчө барктагын,
Төртөөнүн тең тазалыгын сактагын!

Автор: Байдылда Сарногоев

Эне тилин унуткандар

Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын Кудайы пил эле эмес,
Чымындын да жашоого акысы бар.

Сайдын дагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.

"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп,
"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар,
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!

Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
"Жылт" эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен,
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!

Автор: Шайлообек Дүйшеев

Эне тилим

Кымбаттан кыналышып бүткөн тилим.
Кылымдан азиз энем күткөм тилим.
Төрөлүп, бул дүйнөгө көз ачканда,
Жаралып, жаным менен бүткөн тилим.

Тилиңе кулдук кылам, энем, атам!
Кечиргин, мен тараптан болсо катам,
Сен сүйгөн, сен сүйлөгөн ушул тилде
Кубултуп, безеп ырдап келе жатам.

Бул тилдин кылдат, кымбат сырын ачам,
Канымды сыя кылып, китеп жазам.
“Таң эрте тил өмүрү бүтөт” – десе,
Күн менен уккан кечте кошо батам.

Автор: Абдрасул Токтомушев

Кантип айтам?

Эх кыргызым, ойлончу эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе!

Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!

Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!

Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон.

Ташты сыгып тарыхты тапкым келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!

Автор: Алтынбек Исмаилов

Эне тилим - канатым

Тилиң барбы – журтсуң, элсиң, пендесиң,
Тагдырыңды, тарыхыңды жиктеген.
Бул жарыкта тилсиз болсоң, айла жок,
Бир макулуксуң жан ачыта тиктеген.

Менин тилим – күч канатым, кут тилим,
Манас бабам жар чакыра сүйлөгөн.
Бул жашоонун бүтпөс ыры сыяктуу,
Бүт өмүрдө төл тилимди үйрөнөм!

Автор: Турабай Жороев

Тил баркы

Тилиң сени кантип жолдо калтырсын,
Тилди чансаң эне-тилдин анты урсун.
Кыл учунда турган кезде чегинбей,
Кыраандар да тил деп өлгөн ал турсун!

Көкүрөктө эрибеген көк муз бар,
Көчмөндүгүн тааныбаган тексиз бар.
Кечээ эле келип алып айылдан,
Тилин чанат, орусчалап көп кыздар.

Көйрөңдөрдүн мине турган төөсү миң,
Көмкөрүлүп ары жатат кээсинин.
Өгөйлөнүп жата берип кор болду,
Ачыш керек эне тилдин эшигин!

Калба тилим таманында чоң жолдун,
Кайратың бар каруусундай оң колдун.
Кадырыңды тепсеп жүрөт төбөңдө,
Кадыры жок көп балдары чоңдордун.

Дал ушулар Ата-Журттан тыш калган,
Дүйнөсү да, кебетеси бүт жалган.
Ой-туюму такыр калбай кыргызча,
Орус тилдин түтүнүнө ышталган.

Чыккынчылар мекен суусун ичпесин,
Чоңдун баары кыргыз тилде иштесин.
Журтуң үчүн сүйлөбөгөн тилиңди,
Жулуп ыргыт, андан көрө ит жесин!

Автор: Бердибек Жамгырчиев

Тилдин ыйы

Үзүлүп ажыраган булут сымал,
Үмүтсүз шамал жандуу куруткурлар.
Үрөйү учкан алсыз эне тилим,
Үргүлөп кеткенби дейт улутчулдар.

Улуулар баскан жолдун агымында,
Улуу тил неге калды жарымында?!
Ушунча таш жүрөкпү уул-кызым?-деп,
Учурдун күйүп-жанат жалынында.

Жаркыган мекенимде жылдыз элем,
Жалтылдап өз ордуман жылгыс элем.
Жарадар жан дүйнөмдү айыктырчу,
Жардамчы элим кайда кыргыз деген?

Апасын – «мама» - десе муунум бошоп,
Арманын ыр сап менен уулуң кошот.
Айласы кеткен байкуш эне тилим,
Ай сайын муңуна бир муңун кошот.

Далайга баркым кетип тепселендим,
Далайда барып анан эске келдим.
Дарексиз турсам дагы ушул чакта,
Даректүү ошол күндү эскеремин.

Кырк жылда бир да байып көбөйбөдүм,
Калкыма кереги жок көйгөйлөндүм.
Куйкалап күйүт эзип көкүрөктү,
Карайлап өз элимде өгөйлөндүм.

Сүйлөнбөй кыргызча так бурмаландым,
Сыйланбай баркым кетип жулмаландым.
Сыртымдан сабырдансам, ичтен сыздап,
Саргайган казаны жок тулгадаймын.

Ээси жок жетим жандай бүлүктөнөм,
Эскерип эски күндөн үмүт көрөм.
Эзелки элим менен келечекте,
Эне тил өлбөйт го деп үмүттөнөм.

Таарынып, ыйлап жатат эне тилим,
Тагынып буйрукталган тагдыр жибин.
Тышкы тил кызмат кылбайт өз тилиңдей,
Таштаба эне тилиң элим билгин!

Автор: Акбар Кубанычбеков

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан