Поэтерапия: "Бир гана апам мени чанып кетпейт, Бир гана апам кебин танып кетпейт"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

"Поэтерапия" рубрикабыздын бул жолку каарманы Нуркыз Рыскул кызы болмокчу.

Нуркыз Рыскул кызы 1991-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айылында туулган. Ошол эле айылдагы орто мектепте 9-класска чейин билим алып, 11-классты Бишкек шаарында бүтүргөн.
Жогорку билимди Кусейн Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде алган. Ошол эле университеттин аспирантурасын аяктаган.
Учурда Нуркыз Рыскул кызы "Нурборбор" эл аралык чыгармачыл академиясынын мүчөсү. Андан сырткары Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы. "Эргүү" улуттук театр сыйлыгынын лауреаты, "Поэзия сени сүйөм" поэтикалык жыйнагынын автору, акын, журналист.

Өзүм эне болгондон кийин бир гана апалар балдары кандай болсо да эч качан чанбай тургандыгын түшүндүм. Апалардан өткөн ыйык зат жок. Мейли биздин чөнтөгүбүз жука болсун, калың болсун, тагдырыбыз кандай гана оор же жеңил болбосун, керек болсо балдары эң начар чыгып калса да баласын жамандыкка кыйбаган жалгыз гана энелер эмеспи. Бир гана эне баарына түтөт деген теманы бир ырга батыргым келди.

Бир гана апам мени чанып кетпейт

Чачымды тарасам да, тарабасам,
Күзгүнү карасам да, карабасам.
Бир гана апам мени чанып кетпейт,
Бир гана апам кебин танып кетпейт.

Кийимим жупунубу, ашкереби?
Жашоомо кыш келеби, жаз келеби.
Бир гана апам мени сүйүп турат,
Бир гана апам мага ийип турат.

Чөнтөгүм жукасында, калыңында,
Тагдырым караңгыда, жарыгында.
Бир гана апам жолум аттап кетпейт,
Кыйындык башка түшсө таштап кетпейт.

Кыялым жакшысында, жаманында,
Кыя албайт себеби ага баламын да.
Апакем жалгыз адам, жалгыз адам,
Апакем чындап мени айаарым да...

Аял – баары!

Аял жүрөт кыжылдаган базарда,
Аял жүрөт күйпөлөктөп казанда.
Аял гана бүт кайгысын жашырып,
Аял гана күлөт сыртка жасалма.

Аял жүрөт мектеп, бала-бакчада,
Аял гана көнөт токко, ачкага.
Кабак-кашым дебейт душман көзүнчө,
Кайгы анын канын соруп жатса да.

Аял жүрөт таңда көчө тазалап,
Аял жүрөт суу көтөрүп чакалап.
Артымдан сөз ээрчибесин деш үчүн,
Аял гана бүт арманын ката алат.

Аял баатыр, сот, прокурор, айдоочу,
Алдын ала сезгич, эмчи, байкоочу.
Баштан сылап өзү сыздап турса да,
Балдарынын көңүлдөрүн жайкоочу.

Аял эне, эже, курбу, жубай да,
Аял гана чыдаган жан убайга.
Балдарынын бак-дөөлөтүн суранып,
Басса-турса жалынган жан Кудайга.

Омурткасы сыздап бала көтөрөт,
Ооматым деп өстүрүшөт бөпөлөп.
Ара жолдо турган кезде чүрпөсү,
Ашуулардан өткөрүшөт жетелеп.

Аял сынбайт ишенгени сатканда,
Азаптарга миң эселеп батканда,
Эч ким көрбөс үчүн түндө сыздашат,
Элдин баары тынч уйкуда жатканда.

Аял гана багынбаган тырышчаак,
Аял деген айтып бүткүс ыйык зат.
Чындык күйгөн жерде чыдап туралбайт,
Чырылдаган чымчыкка окшош урушчаак.

Аял тапкыч жоктон барды жараткан,
Алганынын жүгүн колдон талашкан.
Бүтпөйт сөзүм, аял деген күнгө окшош,
Бүт дүйнөгө жылуулукту тараткан.
Аял болуу аалам болуу деген сөз,
Адамзаттын атын улап бараткан.

"Алло, апа"

"Эркетайым жакшы эле уктадыңбы?
Эч кимдерден жаман сөз укпадыңбы?
Көздөрүңдөн кагылып кетейиним,
Көрсөм экен көкөлөп учканыңды.

Балаң кандай? Сыркоолоп калбагыла,
Баскылыкка көп эле барбагыла.
Үшүп калып суук тийип кыйналасың!
Үйдө жылуу чыгарбай кармагыла!

Синдиң кандай? Окуусу жакшы бекен?
Сырт кийими жаңы алган жакты бекен?
Эртең окуу кечигип калышпасын,
Эрте эле жылуураак жатты бекен?

Жолду карап өткүлө шашпагыла!
Жок деп унаа жол кесип баспагыла!
Жетип келет а кырсык айтмак беле,
"Жетишем да" дегенди таштагыла!

Кичүүсүчү, телефон албай атат,
Күттүм, кайра негедир чалбай атат.
Бир саат мурда сүйлөшкөн чыктым деген,
Бир да санаам түгөнүп калбай атат"...

- Ой апаке, угулбай калса керек,
Отура тур, көрсө эле чалса керек!
Бизде баары жакшы эле, үшүбөйбүз,
Бишкек суук деп жөн эле айта берет.

Алтын апам санааркап тураарым ай,
Ар кыймылым ар убак сураарым ай.
Садагалап жалынып карааныма,
Сактап турган колдоочум, тумарым ай.

Күндө бир маал чалбасам сагынаарым,
"Күттүм неге кечсиң?" деп таарынаарым.
Мерез турмуш ызгаары тоңдурганда,
Мээримиңдин отуна табынаарым!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
06021701
2021-10-29 13:16:22
Эне жөнүндө ырларың өтө таасирдүү,аман бол алтын кыз ийгиликтерди багынта бер
0
Erlan_95
2021-11-04 11:35:47
Аябай жакшы жазат экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан