Поэтерапия: "Алып салса жүрөгүмдү эгерде, Аял затын боорум менен сүймөкмүн"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)
Жаш акын Анаркалый Самарбеков 1996-жылы 14-июлда Токтогул районуна караштуу Чоңко айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин магистранты. Бала кезинен эле ыр жазууга кызыгып, калем кармап келген.

Эх.

Эрким жетпей кол сунууга өзүңө,
Капилеттен көздөр калса кезиге.
Кызгануумду жашырамын а бирок
Эх сезимдер, эх жүрөктү эзүүдө.

Бактылуусуң бакыт багың көктөптүр,
Бакыт издеп сыяланды көп дептер.
Унутулуп баары бүтмөк бул күндө,
Бирок дале кызганычым өчпөптүр.

Үмүт менен күтөм жакшы күндөрдү,
Унуткансып кетем кээде күлгөндү.
Көрүп анан көңүл кантип соо жүрсүн,
Кол кармашып алар чогуу жүргөндү.

Көңүл даабай жакын барбай жаныңа,
Тиктей албай, карай албай көзүңө.
Кымгуут болуп калбас эле дүнүйөм,
Калбаганда мен өзүңө кезиге.

Карт сыйрыдың , баарын салып эсиме,
Кайдан келип калдың мага кезиге.

"Сүйүү билбейт куракты"- деп жүрүп, өзүмдөн 2-3 жаш улуу кызга сезим жаралып калып жазылган ыр.

Шарпылдап көк деңиздин толкундары,
Тынчтыктын өкүмүнө каршы чыгат.
***
Жан экенсиң , мөлтүр, таза булактай,
Арууланткан жан дүйнөмдү кирдеген.
***
Себелеп тээ бийиктен жамгыр жааса,
Сени ыйлап жатабы деп чоочуй берем.
***
Алып салса жүрөгүмдү эгерде,
Аял затын боорум менен сүймөкмүн.
***
Ай жамынган жайдын салкын түндөрү,
Сен жанымда болушуңа көз жетпейт,
Тереңдикке көз жетпеген сыяктуу.
***
"Кызым жок"- деп кайгырбаңыз апа көп,
Буюруса келет төрт кыз сизди "апа" - деп.
***
Бактылуу күндү көрүп дагы нечен,
Бакытка балкытайын макул десең.
***
Кайда кеткен шайырдыгым, шоктугум,
Кайгыга салат эстүү жаным жоктугуң.
***
Сүйөмүн...бирок сенден кетет окшойм,
Күүгүмдө күн уяга баткан сымал.
***
Чөптөр дагы сагынуудан бозоруп,
Чымчыктар да сагынычтуу үн катат.

Мындай темасы жок эки саптуу ырлар күнүмдүк жашоодогу көрүнүштөр жана адамга таасир эткен багыттар: сүйүү, турмуш, кыялдануудан улам жазылган.
Бийкеч
Ак көйнөгүң кечки желге желбиреп,
Ай жамалың азаптарды жеңдирет.
Ай нурунда ууртуңдан жылмайып,
Ал ансайын чакырасың келчи деп.

Жандап желди, жаңсап колду акырын,
Жыпар жытың алкымыңда буркурайт.
Баскан сайын, күттүрбөстөн шилтеп кол,
Каңшар жарып, мурун көздөй жыт урат.

Улук чачың желге ойноп жайкалып,
Аруу сезим көздөрүңдөн байкалып.
Чокту басып жалын кечип сен үчүн,
Жүрөгүңдө калгым келет жай салып.
Адамга болгон махабаттын эки түрү болот эмеспи, бактылуу жана армандуу. Мына ошол бактылуу сезимдерди камтыган, жолугууга келип күтүп жаткан адамыңды көргөндөгү элестерден улам пайда болгон саптар.
Сөздөрүңдөн шире тамат, бал тамат,
Көздөрүң ахх, кетет жанды балталап.
Ширин сөзүң жаз чакырып сезимге,
Токтоп калган жүрөгүмө жан салат.

Көз карашың жүрөккө бүлүк салып,
Сен тарапка ойлорум күлүк минет.
Бактыма сен жаралып калган үчүн,
Агатайың жайдары, күлүп жүрөт.
Арбалып бир өзүңдү сүйүп жүрөт.
Кээ бир адамдардын бул дүйнөдө бар экени эле кубаныч тартуулай алат. Ошолордун бирине арналып жазылган ыр саптары болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2021-01-14 13:14:23
Кандай соонун саптар. Окуп эле отура бере турган. Он жыл мурдагы жаштыгым студент кундор коз алдыман чуурула отту. Тан эрте жазда университетти коздой чын эле шамалга чачтарыбыз серпилип шаша жоночубуз. Бизди да сыртыбыздан бироо ушинтип суйгон чыгаар....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан